Түп: Тургун жашы жете элек өгөй кызын бир жыл бою зордуктап жүргөн

Ысык-Көл облусунун Түп районунда тургун жашы жете элек өгөй кызын бир жыл бою зордуктап жүргөн. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул боюнча 2022-жылдын 29-июлунда Түп районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси күйөөсү 12 жаштагы кызын бир жыл бою зордуктап жүргөнүн айтып берген.

Аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Түп айылынын 60 жаштагы тургуну кармалган.

«31-август күнү иш Түп райондук сотуна өтүп, сот шектүүнү эки айга тергөө мөөнөтүнө убактылуу кармоочу жайга киргизүүнү чечти. Экспертизалар дайындалды. Шектүү кылганын толугу менен мойнуна алды», — деп билдиришти милициядан.

Түп айыл өкмөтүнө караштуу Балдарга жардам берүү борборунун директору, психолог Назгүл Осмонова 24.kg басылмасына маек куруп, жабыркаган кыз алардын борборуна келип жүргөнүн, бирок 2022-жылдын май айында борборго келбей калганын айтып берген.

«Көрсө кыздын таежеси аны кайрадан Түпкө жөнөтөөрдө үйгө кайткысы келбегенин, өгөй атасы зордуктаганын боздоп айтып берген экен. Абдан түнт болуп кетиптир. Арыктап, эмоциясын сыртка чыгара албай калыптыр. Психолигиялык жана физикалык жактан абдан жабыркаган экен», — деп билдирди Осмонова.

Психологдун айтымында, өгөй атасы кызды аялы эмгек биржасына жумушка кеткенде зордуктап жүргөн. Осмонова кыздын өгөй атасы жабырлануучуну кимдир бирөөгө айтса өлтүрөм деп коркутуп жүргөнүн белгиледи.

«Териштирүү башталганда жабыркаган кыз райондо жүрө албай калган. Себеби баары тең колу менен көрсөтүп калышкан. Анысы аз келгенсип, өгөй атасынын бааласы энеси экөөнү өлтүрөм деп коркутуптур. Араң башка жерден батир таап бердик. Мындай окуялар ачыкка чыккан күндө деле жабыркагандар талаптагыдай коргоого алынбай каларын айткым келет», — дейт Осмонова.

Балдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова кабарлаган.

Анын айтымында, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын саны жыл сайын өсүүдө. Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасалшат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597. Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Исык-Ккөл көчөсү №33, телефон: 03945 24546.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт