Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайтты

8-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жаш курагында дүйнө салды.

Королдук үй-бүлөөнүн билдирүүсүнө караганда, «ханыша 8-сентябрь күндүз Балморалда ( Шотландиянын түндүк-чыгышындагы сепилде) каза болду.

Елизавета II Улуу Британияны 1952-жылдан тартып 70 жыл башкарган. Британ тактысы мыйзамдуу түрдө ханышанын тун уулу ханзаада Чарльзга өттү.