Сериал жана кыскаметраждуу тасма тартуу менен алектенген «Кыргыз сериал» мекемеси түзүлдү

Иллюстративдик сүрөт.

Министрлер кабинети «Кыргыз сериал» аталышындагы жаңы мамлекеттик мекеме түздү. Чыгармачылык-өндүрүштүк бирикме Маданият министрлигине караштуу болот. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы 9-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз сериал» бирикмеси кыска метраждуу тасма жана сериалдарды тартуу менен алектенет.

Бирикме ачуу чечими президенттин май айында кол койгон “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргызстандын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Максаты улуттук киноискусствону өнүктүрүү, кинематографияны жаңы деңгээлге көтөрүү жана мамлекеттик колдоого алуу болуп саналат.