Бала бешикке салуу — жаңы төрөлгөн балага байланыштуу кыргыздын салты. Анда жашы улуу байбичелер каалоо-тилек менен баланы бешикке бөлөп, тарбия берүү максатында бешик ырын ырдашат.

Наристе 40 күн аралыгында (айрым аймактарда шартка жараша 3 айга дейре) бешикке салынат. Жаш үй-бүлөнүн биринчи баласы төрөлгөндө бешикти наристенин таенеси камдап келет. Ал үйдүн кийинки балдары дагы ошол эле бешикке бөлөнөт.

Бешик — наристени терметип уктатчу керебет. Ал арча, кайың, тал, тыт өңдүү жыгачтан даярдалат. Бирок көбүнчө «баланын өмүрү арчадай узун» болсун деген тилек менен бешик арчадан жасалган.

Бешиктин эки жагындагы тирөөчү алкак деп аталат. Таманы булгаары менен капталат. Ал эми эки алкакты бириктирге сабы жумуру жыгачтан даярдалат. Балалуу боло албай жүргөн түгөйлөр ырым кылып, бешиктин сабын көп балалуу аксакалдардын аса таягынан жасатышкан.

Баланы бешикке салууга ошол аймактагы жашы улуу, боору бүтүн байбичелердин бирөө тандалат. Ага бир нече апа жардам берет. Алгач «бала оору-сыркоодон, балээден алыс болсун» деп бешикти арча менен аласташат.

Алгач байбичелер бешикти даярдап алат. Биринчи күлтүк орнотулат. Күлтүк — баланын заң-заарасы түшчү жер. Ал булгаарыдан жасалып, жарымына чейин таза кыктын күлү менен толтурулат. Күлтүк «күлдү төк» деген сөздөн келип чыккан деп айтылат.

Бешикке олпоктор төшөлөт. Ал жумшак кездемеден койдун уяң жүнү толтурлуп, ортосу оюк жасалат. Андан соң жаздыгы коюлуп, ак кезмеден даярдалган чарчы ороосу салынат. Ымыркай заара ушатканда ороосу булганбасын деп тешигине кыска-кыска кесилген кыпчылдык кыстарылат. Бешиктин башына болсо жоолугу жазылат.

Бешик даяр болгон соң ырымдар жасалат. Байбиче бешике чүкө (айрым жерде кыз болсо үч, бала болсо беш чүкө, айрым жерде андан көп чүкө) салып, сол жагын жеңил көтөрүп «Оңбу?! Оңбу?!» деп сурайт. Жанындагылар «Оң! Оң!» деп жооп беришет. Чүкө ырыскы, байлык деген маани билдирсе, чүкөлөр түшкөн күлтүк баланын казынасы катары кабыл алынат.

Ырымга чүкө, балка, бычак, балта өңдүү аспаптар колдонулат. Эркек балага «темирдей жаны бек болсун» деп балта, кызга балка салышат. Бешиктин сабына чүкө, үкүнүн канаты же шуру сыяктуу шылдырак оюнчуктар илинет. Ал бала ойгонуп кеткенде ыйлабай, алаксышы үчүн жасалат. Ошондой эле ырым үчүн колдонулган чукөлөр булгаары баштыкчага салынып, бешиктин аягына илинет.

Бешик даяр болгон соң наристенин апасы баланы бешиктин оң жак капталынан алып келет. Байбичелер баланы бешикке жаткызып, майланган шимек тагышат.

Шимек — баланын сийдиги күлтүккө куюлуп туруш үчүн колдонулган сөөктөн (малдын жото жилигинен) жасалган түтүкчө. Анын көзөнөгү кыз жана эркек балага ылайыкташтырылып жасалат.

Апалар наристенин бутунун бармагын тийиштирип, колу-бутун түз кылып чарчы ороо менен оройт. Бут жана көкүрөк жагы, ашказанын басып калбагандай денгээлде бортко менен таңылат. Бортко — баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар.

Күнүмдүк турмушта бешик жабуу иретинде жайында жука, кышында калың кездеме колдонулган. Бала бешике салууда байбичелер «наристенин өмүрү узун болсун» деген ырым менен чоң-ата, чоң-энелердин жолугу же көйнөгүн жабышкан. Айрым жерлерде «ырыскы каптап келсин» деп бешиктин аягына кап жабылган.

Байбичелер наристени бөлөп бүткөн соң бешикти баланын апасы алып, үч ирет жүгүнүп босогого барып келет. Ошол учурда апалар келинди алкап, наристенин өмүрүн тилеп, элге керектүү адам болсун деп бата беришет.

Байбичелердин бири балага бешик ырын ырдайт. Бешик ыры баланы алаксытуу үчүн ырдалганы менен, маңызында наристенин келечегине байланыштуу изги тилектер камтылат. Ошондой эле бешик ыры балага акыл-насаат айтып, тарбиялык мааниде колдонулганы менен өзгөчөлөнөт.

Көчмөн калк үчүн бешик керектүү буюм болгон. Ал атка өңөрүп жүрүүгө ыңгайлуу. Алды кургак жаткан наристе бешикте тынч уктаган.

Кыргыздарда бешикке байланыштуу ишенимдер да бар. Бешик сатып аларда соодалашкан эмес деп айтылат. Үй ээси жасаткан бешигине жараша өз көңүлүнөн чыккан тартуусун берген.

Байбичелер бош бешикти терметкенге болбойт деп айтышат. Аны болсо ошол үйдүн бешиги дайыма бош калат деген ишеним менен байланыштырышат.

Ошондой эле бешикти үйдөн алып чыкканда аягы менен алып чыкпайт. Бул баланын өмүрү узун болсун деген маанини түшүндүрөт. Себеби, киши каза болгондо табытты аягы менен алып чыгышкан.

Бала бешикке салуу тууралуу «Аруу-нур» коомдук фондунун жетекчиси Атыркүл Балбаева жана «Кыргыз жолу» фондунун мүчөсү, «Энелер мектебинин» насаатчысы Жийдебүбү Исакова маалымат берди.

Сүрөттөрдүн автору: Найзабек Мукамбетов

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында даярдалды. Материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.