Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды. Дүйнө чемпионаты Сербияда өттү.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 кг чейинки салмак категориясында чыкты. Ал венгриялык спортчу Золтан Леваини 8:0 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов — чоңдор арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында бир жолку чемпиону. Ал эми кадеттер арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле ал, кадеттер арасындагы дүйнөлүк мелдеште чемпион титулун алган.

Балбан 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган.

2022-жылдын февралында Болгарияда өткөн Dan Kolov – Nikola Petrov мелдешинде үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми апрелде Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын байгени багындырган. Августта Ислам шериктештик оюндарында Кыргызстандын курамасына кайрадан алтын медаль алып келген.