Билим берүү министрлиги: Мугалимдер 50 миң сомдон өйдө айлык алышы мүмкүн

Мугалимдердин максималдуу эмгек акысы 35 миң сом, ал эми минималдуу — 20 миң сом болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билидиришти.

Мекемеден айрым окутуучулар 50 миң сомго чейин алышы мүмкүн экенин кошумчалашты. Кошумча акча мугалимдин эмгек тажрыйбасына, олимпиадада жана билим берүү жаатындагы башка жетишкендиктерине жараша бөлүнөт.

Министрликтен 2022-жылдан тартып мугалимдер каалоосуна жараша аттестациядан өтө баштай турганын белгилешти. Аттестациядан өткөн категориясына жараша алар кошумча 5000 сом алышат.

«Артыкчылыктуу жана категориялык кошумча төлөмдөрдү чогуу эсептегенде эмгек акы атүгүл 50 миң сомдон да жогору болушу мүмкүн», — деп баса белгилешти Билим берүү министрлигинен.

Мугалимдердин айлык акысы

Мугалимдердин айлыгы 2022-жылдын апрелинде 80%га көтөрүлгөн. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин: педагогикалык персоналдын айлыгы — 80%га, кичүү жана техникалык персоналдын айлыгы — 80%га, административдик персоналдын айлыгы — 50%га жогорулаган болчу.

Мурда мугалимдерге иштеген сааттары үчүн айлык төлөнчү, эми болсо алардын белгилүү бир коюму бар, ал ар бир мугалимге жекече эсептелинет.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлнар Тохтакунова учурда жеке жана мамлекеттик окуу жайларда маяна бирдей болуп теңелгенин белгилеген.

2022-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын жылдын аягына чейин дагы көтөрүп берүүнү убадалаган.