Соцтармактарда президент Садыр Жапаровдун Сузак районунда өтүп бараткан кортежинин видеосу тарады. Анда ленталар илинип турган борбордук жол тосулуп, кыймыл токтотулган.

Жапаров 11-12-сентябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Анда ал көбүнесе УКМКга байланышкан маселелерге көңүл бурду — чек арачыларга батирлердин ачкычтарын тапшырды, ошондой эле алардын эски жатаканасынын реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Мындан сырткары ал облустагы ири ишкана жана заводдорго барды. Президенттин басма сөз кызматынан 12-сентябрь түштөн кийин өлкө башчысы Бишкек шаарына кайтып барганын белгилешти.