Орусия: Москва облусундагы абактардын биринде кыргызстандык 11 аял жаза өтөп жатат

Орусиянын Москва облусундагы ИК-5 колониясында кыргызстандык 11 аял жаза өтөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 9-сентябрда элчи Гүлнара-Клара-Самат мекендештерден кабар алып келген.

Басма сөз кызматтан элчи соттолгон кыргызстандык аялдарды мындан ары жазасын мекенинде өтөөгө которуунун процедуралары тууралуу маалымат бергенин айтышты.

Орусиянын түрмөлөрүндө жалпы 1834 кыргызстандык бар.

ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев Кыргызстандын жарандары ар башка беренелер менен — «Адам өлтүрүүдөн» тартып «Баңгизатты жайылтуу» беренесине чейин — жаза өтөп жатышат деп билдирди.

«859 адам оор жана өтө оор беренелер менен, 109 адам экономикалык кылмыштарга байланыштуу, дагы 327си баңгизатка байланышкан иштерден улам жаза өтөп жатат», — деди ал.