Орусия бийлиги Кыргызстанда жайгашкан «Кант» авиабазасындагы аскерлерин Украинага согушка жөнөткөн. Бул тууралуу бир нече өздүк булагына таянып «Азаттык» басылмасы жазды.

Алардын маалыматына ылайык, согушка Кант авиабазасында кызмат өтөп жүргөн Тыва Республикасынын (Орусиянын курамына кирет) ондогон аскери согушка жөнөтүлгөн. Жергиликтүү тургундар Тывадан аскерге кызмат өтөөгө чакырылгандардын саны 300-500гө жетиши мүмкүн деп боолголошот. «Азаттыктын» журналисттери бул маалыматты Орусиянын расмий маалымат булактарынан бышыктоо мүмкүн эместигин белгилешет.

Кант авиабазасындагы учак.

Келишимди токтотуп, кетүүгө аракет кылышкан

Тывалыктар жергиликтүү тургундарга Кантта келишимдик негизде кызмат өтөп жатканын айтып беришкен.

«Тывадан келген аскерлердин “Канттан” качан чыгып кеткенин, дагы базада калгандар бар же жок экенин так айтуу мүмкүн эмес. Бирок Google Earth Pro программасы быйыл июнь айында спутниктен тарткан сүрөттөргө карасак, авиабазанын аймагындагы тывалыктар жашаганы айтылып жаткан жерде 10 чакты чоң, андан кичирээк келген 12 майда чатыр тигилип, тегерек четинде аскер техникалары турганын көрүүгө болот», — деп жазат «Азаттык».

Кантта кызмат өтөгөн тывалыктар согушка жөнөтүлгөнүн согушка баруудан баш тарткан тывалыктарга көмөк көрсөткөн «Новая Тыва» уюмунун активисттери дагы тастыкташты.

Активисттердин биринин айтымында, тывалыктар Украинадагы согушка баруудан баш тартып, келишимди токтотууга аракет кылышкан, бирок аскердик жетекчилик документтерин бербей, аларды коё берүүнү каалабай туруп алган.

«Келишимдик негизде иштеген бул аскерлерди Кыргызстанга [2021-жылдын] декабрь же ноябрь айларында жөнөтүшкөн экен. Алар Кыргызстанда кандайдыр бир жайды кайтарышкан окшойт. Аларга кандай тапшырма берилгенин билбейм. Анан аларды жайында [Украинага] жөнөтө башташкан», — дейт «Жаңы Тыва» уюмунун активисти Аяна.

Бирок тогуз аскер кызматкери жетекчиликти алдап (туугандарына баштык жөнөтөм деп) документтерин алып чыгып кете алган. Андан соң «Бишкек-Красноярск» багыты боюнча билет алып, 29-июнда Орусиянын Кызыл шаарына келишкен.

«Тывага келишкенде аларга “силер баш тартканыңар жакшы болуптур” деп айтышкан. Себеби алар менен чогуу кызмат өтөгөн аскерлердин бир бөлүгү Украинада тузакка кабылып, каза болуп, бир бөлүгү жараат алышкан экен», — деп белгилейт активист.

Анын айтымында, «Кант» авиабасынан барган тывалык аскерлердин көбү 29-июнда Украинанын Лисичанск шаарындагы кармаштарда каза болгон.

Активист 2022-жылдын июнунда Кыргызстандан Украинага эки топ менен бери дегенде 90 тывалык аскер кызматкери жөнөтүлгөнүн айтат. Алардын 10го жакыны каза тапкан, 20 чакты аскер жарадар болгон. 30дан ашык тывалык аскер Украинага келгенден кийин согушка катышуудан баш тартып, Орусияга кайткан.

Активист орус бийлиги Орусиянын өзүндө Украинага жөнөтүүгө боло турган аскерлери жетишсиз болуп жаткандыктан Канттагы аскерлерин жиберип турган деген оюн айтат.

24-августта Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ташкенттеги жыйынында «Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын күжүрмөн даярдыгы күчөтүлөрүн» билдирген.

Негизинен Шойгу «ДАИШ» жана «Аль-Каида» сыяктуу эл аралык террордук уюмдар жанданып жаткан Ооганстандагы абал Борбор Азиядагы коопсуздукка олуттуу чакырык бойдон калууда деп белгилеген эле.

«Авиабазада кыймыл азайып калды»

Анткен менен жергиликтүү тургундар «Кант» авиабазасында кыймыл азайганын айтышат.

«Аскер базанын алдында машине токтотуучу жай бар. Ага 100-150 унаа батса керек. Мурда ошол жер толуп турчу. Украинада согуш башталгандан бери 20-30дай эле машине калыптыр. Анын үстүнө жол менен ары-бери каттаган машинелер да азайып кетти», — деп белгилейт «Азаттык».

Орусиялык аскерлер «Чыгыш-2022» аскер машыгууларында. Сүрөт: Орусиянын коргоо министрлиги.

Бирок басылма кыргыз армиясына жана бийлигине жакын булактарга таянып, Орусиянын аскердик базасындагы учуулар уставга ылайык, мурдагыдай эле белгиленген тартипте аткарылып жатканын жазат.

«Азаттыктын» аталган базадан Украинага жөнөтүлгөн тывалыктардын таржымалы жана объектте кыймылдын азайганы тууралуу катына Орусиянын «Кант» авибазасынын өкүлү да, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да жооп бере элек.Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов эгер Украинадагы согушка Канттагы аскердик базадан орус аскерлери жөнөтүлгөнү тастыктала турган болсо, анда кыргыз тарапка суроолор жаралышы ыктымалдыгын белгилейт.

«Орусия Кыргызстан аркылуу Украинага же башка өлкөгө аскер жана техника жибере албайт. Идеалдуу түрдө ушундай болушу керек эле. Анткени Украинадагы кырдаал ЖККУнун милдетине кирбейт. Аталган уюмдун башкы милдети ага мүчө өлкөлөрдү терроризмден жана сырткы коркунучтардан коргоо болуп эсептелет. Мындан улам Батыш өлкөлөрү же Эл аралык валюта фонду маселени кабыргасынан коюшу мүмкүн. Бирок Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык, биз алардын базасына келип-кетип аткан учактарды текшере албайбыз. Бизди базанын ичине киргизбейт. Бир нерсе болсо Коопсуздук кеңеши ушундай өңүттө жооп берсе керек. Негизи маалында келишимди башкача түзүшүбүз керек болчу», — дейт ал «Азаттыктын» кабарчыларына курган маегинде.

Укрианадагы согуш

Орус аскерлери Укрианага кол салган күндөн бери жарым жылдан ашып калды. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында уюшулган «атайын операция» деп атап жатат.

БУУнун 4-сентябрга карата маалыматына ылайык, Украинадагы согушта 5 718 жай тургун каза тапкан. Дагы 8 миңден ашык адам жарадар болгон. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.