Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармады

Маалымат жаңыртылат.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармады. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Бөлтүрүк «“Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында» кармалганы белгиленет.

Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф жана каржы башкармалыгынын директору Т.Р. дагы кармалганын билдиришти.

Алардын бардыгы Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына камакка алынган.