ИИМ жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун сунуштады.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин 12-сентябрдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мыйзам долбоору «жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулук тартипти бекемдөө» максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Анын айтымында, министрлик жол эрежесин одоно же бир нече жолу бузганы үчүн Кылмыш кодексине айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу түрүндөгү жазанын жаңы түрүн киргизүүнү сунуштап жатат.

Ошентип «алкоголдук ичимдикке, баңгизат каражаттарына, психотроптук жана башка мас кылуучу каражаттарга мас болгон» абалда унаа башкаргандарга төмөнкүлөр сунушталат:

  • айдоочулук күбөлүгүн 3 жылга ажыратуу;
  • айдоочулук күбөлүгү жокторду үч суткага камоо;
  • эгер айдоочу жол кырсыгына себепчи болсо, айдоочулук күбөлүгүнөн он жылга ажыратуу;

Жол кайгуул кызматынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, эгер айдоочу мас абалында дагы бир жолу унаа башкарса, айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр боюу ажыратылат.

«Былтыр [2021-жылы] 12 миңден ашык айдоочу мас абалында кармалган. Быйыл 8 айдын ичинде 8810 айдоочу мас абалында колго түштү. Алардын бири да айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган эмес», — деп билдирди ал.

Мындан тышкары, жол кырсыгы болгон жерден изин жашырган айдоочулардын дагы айдоочулук күбөлүгү үч жылга ажыратылат.

Ошондой эле, ИИМ бир жыл ичинде 3 жолу одоно эреже бузган айдоочулар жол эрежесин билгени тууралуу сынакты кайра тапшырууга жөнөтүүнү сунуштап жатат. Мисалы, каршы тилкеге чыккандар же жол чырактын кызылы күйгөндө өтүп кеткендер.

Азыр «алкоголдук ичимдикке, баңгизат каражаттарына, психотроптук жана башка мас кылуучу каражаттарга мас болгон» абалда унаа башкаргандарга 17миң 500 сом айып пул же 30-40 саат коомдук жумушка тартуу каралган.

Эгер айдоочу бир жылдын ичинде унааны кайра мас абалында башкарып жүргөнү байкалса же күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса — 20 миң сом штрафка жыгылат же 40 сааттык коомдук жумуштарга тартылат же үч суткадан беш суткага чейин камалат деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети ИИМдин өкүлдөрүнүн маалыматына угуп, мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Кыргызстандагы өлүм менен коштолгон жол кырсыктары

ИИМ бул мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын декабрдагы «жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү» жарлыгынын негизинде иштеп чыкты.

Президент бул жарлыкка адам өмүрүн алган жол кырсыктардын шартында кол койгон. Сabar.asia’нын журналисттери Кыргызстанда акыркы 10 жылдын ичинде жол кырсыгынан 10 миңге жакын киши каза тапканын эсептеп чыгышкан.

Жол кайгуул кызматынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, жол кырсыктарынын 95% адамдык фактордун негизинде болот, башкача айтканда, айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузат же жолдо жүрүү эрежелерин билбейт. Мындан сырткары, алардын көбү жолдо жүрүү маданиятына баш ийбейт деп билдирген Исраилов.