Суваналиев: Ким Азим Ройду президентке жолуктурса — ошол Садыр Жапаровдун душманы

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев журналист Майраш Базлакуновага маек курду. Суваналиев өлкөнүн саясий турмушундагы акыркы эки жылга чукул убакыт аралыгындагы окуяларга саресеп салып, бийликтин бир катар кадамдарын сынга алды.

Өмүрбек Суваналиев журналисттин «сиз да бүгүнкү бийликти колдогон элеңиз, үмүтүңүз акталдыбы?» деген суроосуна бүгүнкү күндө Жапаровдун командасынын иши башка нукта бара жатканын айтып жооп берди.

«Мен эми тажрыйбалуу жана көп президенттердин жанында жүргөн киши катары айтайын, бүгүн командасынын иши – чын эле башка нукта болуп жатат. Баштапкы этапта коом күткөн маселелер акталбай жатат», — дейт ал.

Ошондой эле, ал бийлик «жаш балдардан бери камап» жатканына нааразы болуп, Жапаров бийликке келгенде коомчулук адилеттүү башкаруу болсун деп колдоп чыкканын баса белгиледи.

«Кара курсагын эл өзү эле тойгузат, элге адилеттүүлүктөн башка эч нерсе деле кереги жок. Азыркы бийликте төрт адам — Жапаров, Ташиев, Мамытов, Зулушев — элди башкарып жатат. Зулушевден башкасы баары түрмөдө отуруп чыккан. Өздөрү кыйналган, адилетсиздикти баштан өткөргөн кишилер “бирөөнү камайм, жамандык кылам” деген ойдон алыс болушу керек. Кыргызстанда бирөөнү коркутам деген киши — алысты көрө албаган киши. Эч кимди эч ким коркута алган эмес. Түрмө менен коркутам деген да жарабайт бизде», — дейт ал.

«Эки дос» тандеми тууралуу

Суваналиевдин пикиринде Кыргызстанды бөлбөш үчүн өлкөдө бир гана президент болушу керек жана ал чечимдерди жалгыз кабыл алууга тийиш.

«Азыркы учурда, жада калса чет элдик гезиттер бизди “эки дос башкарып жатат” деп айтып жатышат. Бирок президент бир киши болушу керек. Досун сыйлаш керек, санаалаш болуш керек. Бирок дүйнө жүзү бир эле кишини таанып, ушул киши чечим кабыл алат деп билиши керек. Кош бийлик деген болбошу керек. Ошондо [баары] мыйзам чегинде болот», — дейт ал.

Садыр Жапаров жанан Камчыбек Ташиев. 

Аны менен катар, Суваналиев тарых алдында президент баарына өзү жооптуу экенин белгилеп өттү.

«Садыр Жапаров президент болгонуна эки жыл болду. Кыргызстанда президент болуу оңоюраак, бирок иштеген кыйын. Азыр жакшылап ойлонушу керек. Анткени тарыхтын алдында, кыргыз элинин алдында президент катары өзү гана жооп берет. Достору жооп бербейт. Кыргызстанда эч кимге ишенбеш керек. “Мен сен үчүн өлүп берем, аягына чейин турам” дегендерге андан бетер ишенбеш керек», — дейт ал.

Кадр саясаты тууралуу

Экс-чиновник бийликтин кадр саясатын дагы сындады. Анын айтымында, кызматка коёрдо Жапаров адамдын репутациясына тыкыр көңүл бурушу керек.

«Садыр Жапаров кадр саясатын жүргүзүүдө “мурда-кийин кайда иштегени кызыктырбайт, иштеп берсин, иштебесе камайм” деп айтып жатат. Чынында мындай маселе дагы болбошу керек. Ким болбосун кадр саясатында репутацияга карайт. Жеп алгандан кийин камайм десең, биздин соттор чыгарып коюп жатпайбы. Мисалы, Алексей Ширшовдун Кыргызстанды тоногонго аябай чоң үлүшү бар. Анын орду түрмөдө. Максим Бакиевдин акчасын таап берет дегени жел сөз [...] Ширшов андан чоң президенттердин башын айлантып жүргөн жигит да», — деди Суваналиев маегинде.

Бакиев бийлиги тушунда энергетика тармагынын көмүскө кардиналы атыккан Алексей Ширшов. 

Ал эми Бакиевдин кадрлары бийликке келдиби деген суроого, экс-депутат өзү дагы Бакиев бийлигинин тушунда губернатор болуп иштегенин, бирок «таза иштегендиктен, “бакиевчил” деп айтууга болбосун» кошумчалады.

«Бакиевдин кланы — кууш клан болчу. Ага Алексей Ширшов, азыркы премьер-министр Акылбек Жапаров кирчү, транспорт министри Сулайманов кирчү. Булардын баары азыр экинчи айлампага келип, өздөрүнүн кадрларын алдыга түртүп коюшту», — деп белгиледи ал.

Матраимов тууралуу

Суваналиев коррупцияга аралашканын мойнуна алган Бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоо учурунда «шоу» болгон деп эсептейт. Ал эми ошол шоу бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат.

«Матраимовду жандап жүргөн өкүл балдары, атасынын достору, аялынын курбуларынын балдары бүгүнкү күнгө чейин УКМКда иштейт. Көбү азыр жетекчилик кызматта, кармагандардын арасында алар дагы бар да. Эми, ушунун баары аралашкандан кийин, ал кол жеткис болуп калды», — дейт ал.

Анткен менен бул ишке азырынча чекит коюлбаганын айтып, алдыда көрө жатабыз деп сөзүн сырдуу жыйынтыктады.

Садыр Жапаров 2020-жылы октябрда. 

Андан тышкары, Суваналиевдин айтымында, Райым Матраимов менен Садыр Жапаровдун байланышы болгон эмес. Ага бул тууралуу президент өзү айтып берген. Мындан улам, «Райым-миллиондун» кармалып, мамлекетке келтирген зыянды төгүп бериши — чоң жеңиш деп эсептейт.

«Матраимовду каматканы, 2 млрд сом кустурганы Садыр Жапаровдун көзөмөлү менен болду. Калгандары аны мактап-жактап жүрүшчү. Ташиев деле аны жакшы жигит деп айтып жүргөн. Матраимов — коррупционер, болду. Анын Магнитский тизмесине киргени келечегине жаман, азыр аны өзү түшүнбөй жатат», — дейт ал.

Азим Рой тууралуу

Суваналиев маегинде акыркы айларда эл арасында кызуу талкууланып жаткан Азим Рой — Орозали Сайдазимов тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Азим Рой кылмыш дүйнөсүнүн белгилүү өкүлү. Муну милиция кызматынын улуу мууну жакшы билет.

Суваналиев Рой кезегинде Асан Каракеев аттуу киши менен бирге Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин төрагасы Султан Ибраимовдун өлүмүнө шектүү катары камалып чыкканын айтып берди. Андан тышкары, анын президент менен сүрөткө түшкөнү «жакшы эмес» деген оюн айтты.

Президент С.Жапаров, ЖКнын депутаты Акылбек Түмөнбаев жана Азим Рой. Сүрөт: "Кактус". 

«Биринчиден, ким Азим Ройду алып барып Садыр Жапаров менен жолуктуруп, сүрөткө түшүрсө — ошол Садыр Нургожоевичтин душманы. Экинчиден, Ички иштер министри Азим Ройго медаль тапшырганы үчүн мен уялып атам. Бул өтө уят нерсе. Отставкадагы генералдар, полковниктер, баары абдан жаман болуп атышат», — дейт ал.

Аны менен катар, президенттин күзөт кызматы өлкө башчысы менен жолуга турган киши тууралуу кеңири маалымат даярдап бербегенин кескин сынга алды.

«Азим Ройду бүткүл КМШдагы криминалдар жакшы билет. Жанагы президент менен түшкөн сүрөтүн көрсөтсө, түшүнүк [кылмыш дүйнөсүнүн] боюнча “это считается Азиму Рою” деп коёт», — деди Суваналиев.