2021-жылы апрелде чек ара жаңжалында Кыргызстандын Максат айылында өрттөнгон автоунаа. Сүрөт: «Клооп»

Бишкектеги митингдин катышуучулары бийликтен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кан төгүүнү токтотууну талап кылышты. Бирок 16-сентябрь кечке чейин ШКУ саммитинин алкагында Самаркандда жүргөн эки өлкө президенттери кандайдыр бир сүйлөшүү жүргүзгөнү кабарланган жок. Бул жөн жерден эмес дейт, эл аралык тынчтык үчүн Карнеги эл аралык фондунун кызматкери Темир Умаров. Анын пикиринде жаңжалды жөнгө салуу үчүн эки тарап тең курмандыкка барууга туура келет, аны эки өлкөнүн коомчулугу кабыл алууга даяр эмес.

УКМКнын маалыматына ылайык, Баткен облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал экинчи күнү эле чек аранын бүткүл периметрине жайылды. Биринчи күнү жергилүктүү тургундар миномёттун сыныктарынан жарадар болгону кабарланса, ал эми жаңжалдын экинчи күнү танктар жарылып, күйүп, Баткен районун калктуу райондорун «Град» менен аткылап, шаардын тургундары бензин үчүн кезекке топтолуп, облустан чыгып кетүүгө аракет кылууда.

Бишкекте тургундар былтыркы чыңалуудагыдай эле митингге чогулуп, бийликтен куралдуу жаңжалды токтотууну талап кылышты.

«[Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери] ШКУда отурат, ал эми ошол эле учурда жергиликтүү тургундар азап чегип жатат деп», – деп Kaktus.Media укук коргоочу Тимур Махмудовдун сөзүнөн цитата келтирди.

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары митингчилерди тынчтандырууга аракет кылып жатты, бирок Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаровдун Самаркандда кандайдыр бир сүйлөшүүсү тууралуу маалымат жок болуп жатты.

Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темир Умаров «Клооптун» кырдаал боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып, президенттер сүйлөшкөнү тууралуу маалыматтын болбогону мыйзам ченемдүү көрүнүш деп жооп берди.

«[Чек ара] маселесин чечүү үчүн ымалага келүү керек, – дейт ал. — Ага Рахмон да, Жапаров да барбайт». Буга карылыкка моюн сунган Эмомали Рахмондун бийлигин баласына берүүсү жакындап калганы дагы, Садыр Жапаровдун алдыда пландаган Курултайы дагы себеп эмес.

«Дайыма дүйнө жүзүнө тажиктерди коргоо тууралуу айтып келген киши, кантип эле ал жерде жашаган элди кошуп Кыргызстанга “берип койсун”? Тескерисинче: эгер Жапаров ушундай кадамга барса, өзүнүн дуулдаган негизги электоратынын массалык нааразычылыгына туш болот. Бул жерди берүү — чечим эмес. Ал эми ансыз эч кайсыл аймактык маселе чечилбейт. Эч качан. Ошондуктан маселе буга чейинкидей эле, ашып кетсе УКМКдын төрагаларынын деңгээлинде гана чечилет», —деп божомолдоду Умаров.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон 15-сентябрда Самаркандда өткөн ШКУнун саммитинде. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы
Темур Умаров.

Азыркы кагылышуу — чек арада дээрлик жыл сайын болуп турган түрдүү масштабдагы ондогон конфликттердин жыйынтыгы. Чындыгында чек ара чырларына өбөлгө болгон нерселер көп.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада 70тей тактала элек тилке бар — жалпы узундугу 972 км болгон чек аранын болгону 600 километри макулдашылган. Жаңжалдар белгилүү аймактарда чыгып турат — кыргызстандык Ак-Сай, Көк-Таш, Самаркандек жана тажикстандык Чорку, Сурх айылдарында, ошондой эле Тажикстан менен жалгыз жол аркылуу байланышкан Ворух анклавында.

Умаров талаштуу жерлерди Бишкек менен Дүйшөмбү өздөрүнө пайдалуураак болгон совет доорундагы карталарды пайдаланып, түрдүүчө карашаарын эске салды. Тажикстан 1924-1939-жылдардагы карталарды пайдаланууда, ошондуктан Дүйшөмбү Ворух эч кандай эксклав эмес, өлкөнүн чыгып турган бөлүгү, ал эми Ворухка кеткен жол да Тажикстандын аймагы деген расмий позицияны карманууда.

Кыргызстан болсо 1958-1959-жылдардагы советтик карталарга таянат. Ага ылайык, Ворух — Кыргызстандын аймагында жайгашкан Тажикстандын эксклавы. Ага карабастан бул аймактагы кыргыз жана тажик уруулар бири-биринен ажыратылган эмес, алар бири-бирине аралашып, шахматтык тартипте жашашат.

Конфликтке экономика да таасирин тийгизет: Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун калкынын төрттөн үч бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет. Бул жерлерде башка нерсе менен алектенип акча табуу алда канча татаал, ошондуктан жер маселеси эки өлкөнүн тургундары үчүн тең өтө маанилүү.

Ошол эле учурда, эки тарапта тең — жумушсуздуктун деңгээли жогору. Баткенде жумушсуздук Кыргызстан боюнча эң жогору. Облус салыштырмалуу чет өлкөдөгү эмгек мигранттары которгон каражаттан көз каранды. Баткен облусу алыс жайгашкандыктан башка жакка иштөө үчүн чыгуу кыйын деп белгиледи Умаров.

Азырынча чек ара жаңжалын көзөмөл кылууга кол сунуп, ортомчу болобуз деген өлкөлөрдүн кезеги жок — керек болсо кошуналар да унчукпай турат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортомчусу болууну бир гана Орусия сунуштады, бирок Дүйшөмбү же Бишкек тарабынан азырынча эч кандай реакция жок. 2020-жылы Москванын ушул сыяктуу сунушун Тажикстан четке каккан. Тажикстан чек ара жаңжалын аскерий жол менен чечүүгө басым кылып жаткан өңдүү.