Баткенде дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылып, шаарга алып келинди

Баткен облусунда куралдуу жаңжал учурунда дайынсыз болгон төрт адам табылды. Бул тууралуу 19-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Баткен районундагы чек арага чектеш Ак-Сай айылынын тургундары болгон. Жаңжал башталганда тоо тарапка качып, ошол жакта жашырынып жатышкан.

ӨКМден аксайлыктар тик учак менен Баткен шаарына алынып келингенин белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган куралдуу жаңжалдан каза тапкан кыргызстандыктардын саны учурда 59га жетти.

Ал эми жарадар болгондордун саны 19-сентябрга карата 163 кишини түздү.

Кыргыз бийлиги бул окуяны агрессия жана Тажикстан тараптан кол салуу деп атады. Ал эми тажик тарап өз кезегинде Кыргызстанды «жаңжалды эскалациялоого жана куралдуу агрессияга» айыптап жатат.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Баткен облусунун кооптуу аймактарынан 136 миңден ашык адам, ал эми Ош облусунан 5 301 киши эвакуацияланды.

Кыргызстанда 19-сентябрь — улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.