Алдын ала маалымат боюнча куралдуу жаңжалда келтирилген зыяндын көлөмү — 1,5 млрд сом

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам Кыргызстанга тийгизилген материалдык зыян болжолдуу 1,5 млрд сом деп эсептелди. Бул тууралуу 19-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Ал жабыр тарткан айылдарда мамлекеттик комиссия иш алып барып, зыянды эсептеп жатканын билдирди.

«[1,5 млрд сом] көбөйүшү ыктымал [...] Алдын ала саноолорго ылайык, тажик тараптын чагымчылдыгынан ушундай чыгым келтирилген», — деди Иманкулов.

ӨКМдин маалыматы боюнча, куралдуу кагылыштын кесепетинен Баткен районунда 282 турак үй, 9 автоунаа, 9 социалдык объект, 300гө жакын чарба курулушу, жашоо тиричилик камсыздоо жана стратегиялык объект жабыркап жана өрттөлгөн.

Бир күн мурун президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анда министрлер кабинетине жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана талкаланган объектилерди калыбына келтирүү тапшырмасы берилген.

Баткен облусу Арка айылы, өрттөлгөн объект. Сүрөт: ИА 24.kg.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-сентябрга карата маалыматтарга ылайык, 59 киши курман болуп, 160тан ашык адам жабыркаганын кабарлады.

Кыргызстандын ӨКМден Баткен облусунун бир нече айылдарынан 130 миңден ашуун адам эвакуацияланганын, ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунан 5301 киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдиришкен. Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.

Тажикстандын ТИМдин алдын ала маалыматтарына ылайык, тажик тараптан 41 адам каза болуп, эң аз дегенде 28 киши жабыркаган.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.