Орусиянын Мамдумасы кылмыш-жаза кодексине «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» түшүнүктөрүн киргизди. Мындай түзөтүүлөр киргизилген мыйзам долбоорун Мамдума 20-сентябрда кабыл алды.

Орусиянын эки жараны «Клоопко» алардын туугандарына чакыруу кагаздары келе баштаганын билдиришти. Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктар жакын арада Украина менен болгон согуштун окопторунда болуп калышы ыктымал дегенди билдирет. Алар мындан кутула алышабы? Макаладан окуңуз. 

Орусиянын аскер кызматкерлери «Эльбрус шакеги-2022» машыгуусунда. Сүрөт: ОФ Коргоо министрлиги.

Мыйзам долбоорун ыкчам түрдө биринчи, экинчи, үчүнчү жана акыркы окуудан өткөнүн Meduza билдирди. Орусиялык укук коргоочу, «Агора» эл аралык тобунун башчысы Павел Чиков, долбоорду изилдеп чыгып, орусиялыктардын аскердик жыйналууга катышуусу милдеттүү болорун, ал эми баш тартуу «кызмат ордун уруксатсыз таштап кетүүгө» теңелерин билдирди. Мындайда баш тарткандар «согуштук абалдын» шарттарында он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Укук коргоочу куралдуу кагылышта башчынын буйругуна баш ийбей коюу согуштук аракеттерге катышуудан баш тартууга теңелип, эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экенин кошумчалады.

Мобилизация жана аскердик абал учурунда өз билемдик менен аскер бөлүгүн таштап кетүү мурдагыдай беш жылга чейинки мөнөткө эмес, жети жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Өз ыктыяры менен багынып берген орусиялыктар мамлекеттик чыккынчылык белгилери жок болсо, үч жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле кылмыш-жаза кодексинин түзөтүүлөрүндө талап-тоноочулук үчүн 15 жыл эркинен ажыратуу сунушталып жатат.

«Кылмышты орчундаткан жагдайлардын тизмесине “мобилизация мезгилинде же аскердик абалында, согуш мезгилинде жасалган” кылмыштар кирет», — деп баса белгиледи Чиков.

Эми мыйзамды сенаторлор жактырып, анан Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин кол коюшу керек. Бирок эки орусиялык «Клооптун» кабарчысына аймактарда орус жарандыгын алган аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү болгон тургундарга чогулган жерге келүү талабы жана келбей койгон учурда жоопкерчиликти эскерткен чакыруу кагаздары келе баштаганын билдиришти.

Буга чейин журналисттер «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу Орусиянын абактарынан соттолгондорду согушка тартуу аракети жөнүндө гана айтып келишкен.

Массалык мобилизациянын башталышы орус аскерлери басып алган украин аймактарынын Орусияга кирүү боюнча референдумга байланыштуу болушу мүмкүн. Акыркы кезде катуу билдирүүлөрдү жасап жаткан Орусиянын экс-премьер министри Дмитрий Медведев бул референдумдар «өлкөнүн өнүгүү багытын» өзгөртөт деген ойдо.

Орусиянын курамында ДЭР менен ЛЭР сыяктуу квазимамлекеттик түзүлүштөрдү жарыялоо бийликке өз аймактарын аскерий жол менен кайтарып алууга аракет кылып жаткан Украинаны «Орусияга жабуул жасады» деп формалдуу түрдө билдирүүгө мүмкүндүк берет деп билдирет «Петербургская политика» фондунун башчысы Михаил Виноградов. Бул массалык мобилизацияга шылтоо болуп калат деп эсептейт ал.

Бийликке жакын орус телеграм-каналдары кабарлашкандай, бүгүн кечинде Путин жана Орусия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу орусиялыктарга кайрылуу жасашат. Ал референдумга байланыштуу кайрылуу болору такталган.

Бул кырдаал Орусиядагы кыргызстандыктарга кандай таасир этет?

Жыл сайын орус жарандыгын алган он миңдеген кыргызстандыктар үчүн бул Украина менен болгон согуштун окопторуна тез арада түшүү дегенди билдирет. Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган.

2021-жылдын ошол эле убакыт аралыгында орус жарандыгын 8,4 миң кыргызстандык алган. Акыркы жылдары жарандык берүүнүн темпи өсүүдө: 2018-жылдын биринчи жарымында жарандык алгандардын саны 4,4 миң адамды түзгөн.

Орусия менен Кыргызстандын паспорту. Сүрөт: Улан Асаналиев / «Азаттык».

Юрист Бексултан Осмоновдун айтымында, Орусиянын кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр орус жарандыгын алган кыргызстандыктарга түздөн-түз таасирин тийгизет.

Осмонов эгер кыргызстандык орус жарандыгын алып, бирок кыргыз паспорту да бар болуп мобилизацияга катышкысы келбеген болсо, анда ал тезирээк Кыргызстанга кайтышы керектигин белгилейт. Анткени Орусияда аскерий аракеттерден качкандарга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Мындай учурда Кыргызстан өз жарандарынын кызыкчылыгын коргошу керек жана Орусиянын укук коргоо органдарынын сурамы боюнча аларды бербеши керек. Мындай учурда кыргызстандыктар орус жарандыгынан ажыратылат.

«Азыркыдай шартта бир нерсеге кепилдик берүү мүмкүн эмес – кандайдыр бир жеңилдиктерге баруу менен Орусияга адамды берип коюшу ыктымал. Бирок албетте бул менин божомолум. Бирок Кыргызстандын Конституциясына ылайык, биздин жарандарды башка өлкөгө өткөрүп берүүгө тыюу салынган», – деп кошумчалады ал.

Юрист Фатима Якупбаева орус жарандыгы бар кыргызстандыктар азыр «оор» чечим жасаганга туура келет деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, орусиялык жарандыктан баш тартып же аны өзгөртө албайт. «Бирок кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр согуштук аракеттерге катышуудан качкандыгы үчүн жаза катары жарандыктан ажыратууну караштырышы мүмкүн» дейт Якупбаева. Ошентип, кош жарандыгы бар адамга карата айыптоо өкүмү аны орус жарандыгынан ажыратуу үчүн формалдуу негиз болуп калышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын «Жарандык жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, кыргыз жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууга же аскер аракеттерине катышса, жарандыгын жоготууга негиз болушу мүмкүн. Бул тандоону татаалдаштырат.