АКШ Тажикстанга ондогон аскердик учак, тик учак бериши мүмкүн

Америкалык Politico басылмасы Тажикстан АКШдан ондогон тик учак, аскердик самолёт алышы мүмкүн экенин жазды. Бул чек арада тажик армиясы менен куралдуу кагылышта 59 жаранын жоготкон Кыргызстан үчүн кооптуу сигнал болуп эсептелет.

АКШ армиясынын UH-60 Black Hawk тик учагы Жапониядагы машыгуу учурунда. Сүрөт: Саманта Родригес.

2021-жылдын август айында талибдер Кабулду басып алганда АКШнын көзөмөлүндөгү Ооганстандын аскердик аба күчтөрүнүн пилоттору колдонууга жарактуу учактарынын дээрлик төрттөн бирин — 46 даана — Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирген. Муну АКШнын Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча атайын инспекциясынын 2022-жылга карата отчёту тастыктап турат.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөө борбору (CSIS) анализдеген спутниктен тартылган сүрөттөрдө бир моторлуу, дирилдек Cessna-208, бразилиялык A-29 Super Tucano жеңил дирилдектүү чабуул учактары, Ми-17 тик учактары, Ми-25 жана АКШнын көп максаттуу UH-60 Black Hawk аскердик тик учактары көрүнүп турат. Бул учуучу аппараттардын көпчүлүгү мурда ооган аба күчтөрүнүн потенциялын жогорулатуу үчүн Вашингтон тарабынан Кабулга жеткирилген.

Тажикстандын Бохтар аэропторту. MAXAR берген сүрөттөрдө бери дегенде 16 даана Cessna-208 уагы көрүнүп турат. Булак: CSIS.

Пентагондун жогорку даражалуу аткаминери жана конгрессмендин жардамчысы Politico басылмасына ушул жылы АКШнын расмий өкүлдөрү АКШнын аскердик базасы жок болгон Борбор Азияга бекем орноо үчүн учактарын колдонууга күч жумшаганын айтып берген.

Эми, басылманын маалыматына ылайык, АКШ учактар менен тик учактардын абалын текшерип, бир бөлүгүн Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөтүнө берүүнү көздөп жатат. Акысына «коопсуздук , чек араны коргоо жана терроризм менен күрөшүү» багытында мамилелерди тереңдетүү боюнча бейрасмий макулдашуу жүрөт. «Келишимде баары болушу мүмкүн, чалгындоо маалыматын бөлүшүүнү кеңейтүүдөн тартып, узак мөөнөттүү, келечекте Ооганстандагы террордук аракеттерди көзөмөлдөө үчүн бул өлкөлөргө аскерлерин же учактарын жайгаштырууга чейин», — деп жазат Рolitico.

A-29 Super Tucano учагы чабал корголгон абадагы жана кургактагы чабуулдарга карата колдонулат. Аны Колумбияда партизандарга жана баңгизат аткезчилиги менен күрөшүү үчүн колдонулган. UH-60 Black Hawk тик учагы болсо, көптөгөн өлкөлөрдүн армиясында колдонулат. Ал AGM-114 Hellfire танкка каршы башкаруучу ракеталары, М240, М134 пулемёттору жана M230 замбиректери менен жабдылган болушу мүмкүн.

Мурдагы Ооган аба күчтөрүнүн учактары Тажикстандын аскердик авиациясын бир топ күчтөндүрүшү мүмкүн. Global Firepower Index’тин маалыматына ылайык, азыр бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 4 машыгуучу учак, бир транспорттук самолёт жана 20 тик учак — анын алтоо чабуул коюучу — жалпы 25 учуучу аппарат бар. Ал эми Кыргызстандын авиациясы жупуну деп бааланууда: анын ошол эле индекс боюнча эки чабуул коючу тик учакты кошкондо жалпы алты тик учагы бар. Ал эми самолёт такыр эле жок. Бул маалыматты өлкөлөр өздөрү жарыялашпайт. 2017-жылы орус ЖМКсы Орусия Федерациясы Кыргызстанга Ан-26 транспорттук учагын бергенин жазган. Мындан тышкары, Кыргызстандын Bayraktar TB-2 сокку уруучу жана чалгындоочу учкучсуз учактары бар. Чет өлкөлүк аскердик блогерлердин берген баасына ылайык, азыркы тапта алардын саны 3 даана. Ал эми учкучсуз учактардын расмий саны айтылган эмес.

Тажикстан менен Өзбекстан ооган учактарын өздөрүндө кармап турууга «өтө кызыктар» деп билдирди Politico’го АКШнын Коргоо министрлигин жогорку даражадагы аткаминери.

Америкалык басылма акыркы учурда Тажикстандын Вашингтонго карата мамилеси муздак болгонун, анын экономикасы Орусия менен Кытайдан өтө көз каранды экенин белгилейт. Тажикстан ЖККУга кирет жана аймагында Орусиянын аскердик базасын кармап турат. Ошол эле кезде Politico басылмасы бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан АКШ менен терроризмге каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу жана аскердик машыгууларды өткөрүү боюнча «эң көп кызматташат» деп жазды.

Кыргызстан да Тажикстан менен чек ара жаңжалынан кийин куралдуу күчтөрүн күчтөндүрүүгө аракет кылууда. AKIpress басылмасы өлкөнүн Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматына таянып, элчи Кубанычбек Өмүралиев 19-сентябрда Түркия президенттинин Коргоо өндүрүш агенттигин президенти Исмаил Демир менен жолугушканын жазды. Алар коргоо багытындагы эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде Кыргызстандын аймагында кыргыз-түрк бирдиктүү коргоо ишканасын түзүү боюнча да маселени талкуулашкан.

Анда так эмне өндүрүлөөрү айтылган эмес, бирок балким Bayraktar’ды локалдык чогултуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Февралда Түркия ушундай эле өндүрүштү Азербайжанда ачууну пландап жатканы кабарланган, ал эми августта түрк учкучсуз учактары Украинада чогултулаары айтылган болчу.