Кыргызстанда кыздар көчөдө, окууда же жумуш учурунда сексуалдык ыдыкка кабылышат. Статистикага ылайык, кыргызстандык кыздардын 83%ы өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Көпчүлүк учурда жабырлануучулар милицияга кайрылышпайт, анткени коомдун жемесине калуудан чочушат.
«Клооптун» редакциясына айдоочулук курста окуп жүрүп, инструктордон ыдык көргөн окурман кайрылды — айтымында, инструктор колу-бутун кармалап, орунсуз тамаша сөз ыргытып тийишкен.
Биздин редакция окурмандар арасынан ушул сыяктуу окуялардын бир нече окуясын топтоду.
Харассмент же артынан түшүү — адамдын жеке жашоосунун кол тийбестигин бузуп, ыңгайсыздык жаратып, ал тургай зыян алып келе турган жүрүм турум. Мындай адаттарга денесине суук колун тийгизүү, өөп, кучактап де чымчып, апчыап кеткен жагымсыз кыймыл-аракет, андан тышкары сөз менен кемсинтүү же коркутуу, жагымсыз эскертүүлөр же орой тамашалар да кирет.
Каармандардын аттары өзгөртүлдү
Сыранын бөтөлкөсү жана унаа
Салтанат Бишкектеги айдоочулук курстардын бирине барып жүргөн. Бир жолу анын инструктору үй-бүлөсү менен Ысык-Көлгө эс алууга кетип, ордуна кесиптешин жөнөткөн.
Практикалык сабактардын биринде инструктор кыздан сыра ичип, унаанын ичинде тамеки чегүүгө уруксат сураган — себебин чарчаганы менен түшүндүргөн. Жолдо баратып ал Салтанатка педалды туура басууну үйрөтүмүш этип, «байкоосуздан» буттарына колун тийгизген.
Кийин ал кызды унаа да, киши да жок, тааныш эмес жол менен айдаткан. Кыз кайра шаарды көздө кайталы дегенде инструктор кыжырданып, дал ушундай жолдордо айдаганды үйрөнүшүң керек деп орой мамиле кыла баштаган.
«Андан соң дагы бир жолу санымды кармады, бирок бул жолу атайылап эле кылганы көрүнүп турду. Мен колуңду тарт дедим, ал мага кыйкырып, мен унааны айдай албай жатканымды айтып, рульга өзү отурду — деп айтып берди Салтанат. — Инструктор айдоочулук мектебине чейин [катуу] ылдамдыкта айдап келди.
Жол катар анын артынан кыздар чуркап жүргөнүн, каалаганы менен жакын мамиледе болорун айтып келди, мен үндөбөй келе бердим».
Бул окуядан кийин каарманыбыз ошол айдоочулук мектебине кайтып барган эмес.
Ушундай эле окуяга Айгерим да туш болгон. Ал инструктор «жеңил-желпи тамаша сөздөрдү айтып жүргөнүн» байкаган — мисалы, ал жаш кезинде кандай келишимдүү жигит болгонун айтып, Айгеримден «мени сымбаттуу деп ойлойсуңбу» деп сураган.
Бир жолу унаада бараткан учурда ал күтүүсүз жерден Айгеримдин санынан кармаган. Кыз чочуп кетип дароо тормозду баскан.
«Жолдун ортосунда токтоп калдык, өтүп бараткан балдар менин кокустан токтоп калганыма күлүп өтүп кетишти. Анда инструктор “эмне эркек киши бутуңан кармаган эмес беле?” деп сурады. Мен селдейип “жок” дегенеге араң жарадым. Ошол күнү сабакты араң аягына чыгардым. Абдан уялдым. Күндүн ушундай ысыгында сабакка кыска шорта кийип келгеним үчүн, тигил жийиркеничтүү киши мени кармалаганы үчүн өзүмдү күнөөлөдүм», — деп айтып берди ал.
Ошол окуядан кийин Айгерим сабактарга катышпай калган, ал эми сынакка аз гана убакыт калган болчу. Каарманыбыз экзаменди башка жактан тапшырган.
«Кызымдай»
Жанелянын инструкторлорунун бири рулду кармоонун ордуна кыздын колун кармалай берген. Окуунун экинчи эле күнү эле кыздын бетинен чымчылап, көңүлүн унааны башкарууга бөлүп жаткан кызды жылмайып койчу деп сураган.
Кийинчерээк инструктор Жанелди бетинен өөп, унааны айдагандагы ийгиликтерине кубанып жатканын айткан. Кыз ошол учурда инструктордон ичиркенип, кызарып кеткенин эстейт.
Инструктор окуучусунун мындай реакциясынан чочуп кетип, «өз кызымдай» көрүп кубандым деп, кечирим сурай баштаган.
«Мен экинчи мындай кылбаңыз деп кесе жооп бердим, — деп эстейт Жанеля. Мен харассмент тууралуу жаңылыктарды бир аз окуп калчумун. Анан буга кандай реакция кылып, эмне деп айтыш керек экенин эстей баштадым. Бирок качан өзүңьыдыкка кабылганда, эркек киши менен жабык жерде бетме-бет калганда агрессия коркунучка өтүп кетет экен».
Унаа башкарууну үйрөткөн инструктордун таң калыштуу «колдоосуна» Карина да кабылган. Ал окутуучу качан болсо рулга эмес, анын манжаларына, чыканагына колун тийгизип жатканын байкап калган.
«[Ал] мен рулда баратканда кызыктай сөздөрдү: “жаным, акылдуум, сулуум” деген сөздөрдү айтчу. Ал мага дем бергендегиси экен, бирок чынында мага ушунчалык жагымсыз болчу», – деп эстейт ал.
«Клоопко» унаа айдаганды үйрөткон инструкторлордун жагымсыз жүрүм-туруму тууралуу алты кыз айтып берди. Негизинен алар уруксаты жок эле колу-буттарын кармалаганына нааразы болушту, мындайда өздөрүн коопсуз жана ыңгайсыз сезишкен.
«Өзүндү-өзүң корго»
Жылдыз — инструктордун орунсуз кылыктарынан кийин автомектептин администрациясына арызданууну чечкен кыздардын бири.
Жылдыз инструктор ага дайыма орунсуз тамашаларды ыргытканын айтып берди. Бир жолу алдыда токтоп турган унаанын инструктору унаанын чиймелеп жаткан дарактын шактарын сындыра баштаган. Аны көрүп Жылдыздын инструктору, кесиптеши кечкурун Жылдызды ургулап ойноо үчүн бактарды сындырып жатат деп айтып, каткырып күлгөн. Жылдыз ошол замат дүрбөлөңгө түшө баштаганын эстейт.
«Кийин биз [инструктор менен] студенттер машыккан полигонго бардык. Ал жерде киши жок аянт бар болчу — биз экөөбүз элебиз. Мен ылдамдыкты жайлатып, унааны токтотуп жаткам, ал [инсттруктор] болсо үндөбөй эле колун колумдун үстүнө койду, — деп эстейт Жылдыз. — Мен колумду тартып алып, рульдун башка жагынан кармадым, ал болсо кайрадан колума колун коюп, жийиркеничтүү жылмайды».
Унааны токтотуп жатканда сцепление иштебей калган. Ошол учурда, кыздын айтымында, инструктор анын санынан кармап, буттарын эки жакка талтайткан. «Сцепление жайындабы же жокпу жөн эле көрөйүн дегем», — деп түшүндүргөн ал.
Окуядан кийин Жылдыз апасын ээрчитип келип автомектептин администрациясына ыдык көрсөтүү болгону тууралуу арыз менен кайрылышкан.
« [Мектептин жетекчиси] мындай деди: “Сен өтө эле кийинекей болгондуктан инструкторду түшүнбөй калган окшойсуң, ал таптакыр андай киши эмес. Биринчи жолу анын үстүнөн арыз түшүп жатат”», — деп эстеди Жылдыз.
Жылдыздын апасы мындай жоопко нааразы болуп, кызы ыдык менен жөнөкөй жүрүм-турумду ажырата ала турганын айткан. Кийин директор андай болсо, ал коркпостон «өзүн-өзү коргошу керектигин» айткан.
Акыры Жылдыздын инструктору жумуштан айдалган — бирок ЖМКга айтып чыгабыз, милицияга кайрылабыз деген коркутуулардан кийин гана.
Автомектептин жетекчилигинин ушундай эле реакциясын Чынара башынан кечирген. Ал чогу окуган бир нече кыз болуп инструкторлордун биринин жүрүм-турумуна нааразы болушкан — ал мындай кылбаңыз деген өтүнүчтөргө карабай, дайымакыздын колу-башын кармалай берген. Бир жолу кыздын ийгилигине кубанган киши болуп, Жанелянын окуясындай эле, инструктор Чынаранын бетинен өөп алган.
«Бул ушунчалык күтүүсүз болгондуктан, мен аны токтотконго да үлгүрбөй калдым. Өтө жийиркеничтүү болду. Дагы жакшы сабак аяктап калган. Андан кийин ошол инструктордун унаасына отурган жокмун», — деп эстеди ал.
Мектептин администрациясы Чынаранын нааразычылыгына жооп кылып, болгону башка инструкторду тандоону сунушташкан.
«Жоруктун курамы жок»
Кыргыз милициясы харассмент жана сексуалдык ыдык көйгөйү тууралуу алгач ирет, коомдун алдына 2021-жылы айтып чыкты — анда Бишкек ШИИБи бул тууралуу социалдык ролик да чыгарган.
Милиция кызматкерлери ыдык көрсөтүүгө кабылгандардын баарын укук коргоо органдарына кайрылууга чакырган. Ошондой эле алар, эгер кыз жумушу үчүн же тунгуюк абалда болгон кезде үн катпай же харассердин айткандарына көнө берүү бул өзүн андан да чоң коркунучка кептейт деп баса белгилеген.
«Клооптун» «Секс талкуу» подкасттынын алып баруучусу Айдай Токоева сексуалдык ыдык көрсөтүү болгон учурда милицияга кайрылуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
Ал көчөдө бейтааныш кишини алаага тепкенин айтып берген. Укук коргоо органдары бул окуя боюнча арызга өз маалында реакция кылган эмес — журналист бул окуяга коомчулуктун көңүлүн бургандан кийин гана иш козголгон. Арыз «Майда бейбаштык» беренеси менен катталган, бирок бир жумадан кийин «кылмыштын курамы жок» деп сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
Юрист Фатима Якупбаева сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдү сот жообуна тартуу өтө оор деп айтып берди.
Мыйзамда сексуалдык ыдыктын өзүнө эч кандай санкция жок деп түшүндүрдү Фатима. Эреже катары мындай учурда «Майда бейбаштык» беренеси колдонулат, анда жаза катары коомдук жумуштарга тартуу, айып пул же 3-5 суткага чейин камакка алынат.
Мыйзамда зомдук көрсөтүу же шантаж кылуу менен сексуалдык мүнөздөгү аркеттерге баруу үчүн да жоопкерчилик каралган. Мындай учурда «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» же «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери колдонулат.
«[Эгер сиз ыдыкка кабылган болсоңуз,] милицияга кайрылып жоопкерчиликке тартуу үчүн арыз жазышыңыз керек. Ошол эле кезде, жергиликтүү мыйзам толук жетиштүү эмес экенин эстен чыгарбоо керек жана далилдер (видео, аудио, күбөлөрдүн көрсөтмөсү) жок далилдеп берүү өтө оор болот», — дейт юрист.
Ыдыкка кабылганда кимге кайрылса болот?
Ал үчүн сиз милициянын жакынкы бөлүмдөрүнө кайрылып же 102 номуруна чалсаңыз болот.
Ошондой эле, эгер сиз ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз төмөн жактагы тизмедеги кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.
Бишкек:
- «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
- «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
- «Аялзат» муниципалдык кризисттик борбору. Тел.: 0-312-65-37-42, 0-312-65-37-38
Ош:
- «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
- «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
- «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
- «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
Ош облусу:
- «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
Нарын:
- «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
Талас:
- «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
Баткен:
- «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
Жалал-Абад:
- «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
Каракол:
- «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
- «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
- «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.
Чолпон-Ата:
- «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550