Тажикстан БУУда Садыр Жапаровго жооп берип, Кыргызстанды агрессияга айыптады

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берди.

Ал бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш токтогонун Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.

Тажик министри Садыр Жапаров сөзүндө кыргызстандыктар гана набыт болду деп, куралдуу кагылышуунун кесепети Кыргызстанга гана тийди деген «жалган ой туудурган» деп билдирди.

«Кыргызстандын аскерий агрессиясынын натыйжасында 40тан ашык тажик жараны каза таап, 200гө жакыны жарадар болгон. [...] Чек ара объектилеринен тышкары мектептер, ооруканалар, диний имараттар, турак жайлар, инфраструктура жана инженердик коммуникациялар талкаланган», — деди Мухриддин.

Министр Кыргызстан 1950-жылдардан бери Тажикстанга таандык делген 2 миңден ашык чарчы метр жерди ээлеп алган деп кошумчалады.

Ал Кыргызстан менен Тажикстан эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын 61 гана пайызы такталганын белгиледи.

«Тажикстан чек араларды делимитациялоонун эл аралык тажрыйбасына таянып, чек аранын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюу аркылуу узак жылдарга созулган бул иштин жыйынтыгын кагаз түрүндө белгилеп коюуну бир нече жолу сунуштаган. Бирок биздин коңшулар таптакыр эле бул сунушту четке кагып келишет» , — деди Тажикстан тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси.

Ошондой эле министр Тажикстан Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даярдыгын, эки өлкөнүн эли «жанаша жашоого, тынчтыктын, достуктун жана ынтымактын атмосферасын бирге түзүүгө укуктуу» деп сөзүн жыйынтыктады.

Жапаровдун БУУдагы сөзү

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып сөз сүйлөгөн. Жапаров сөзүнүн көпчүлүгүн 14-17-сентябрда Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжалга арнаган.

Жапаров 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын аймагында негизсиз эле масштабдуу агрессия жасаганын айткан.

Ошондой эле президент үстүбүздөгү жылдын 14, 15 жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүк аймагында ири масштабдуу куралдуу кагылышуу болгонун билдирген.

Ал тажик тарап «мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасаганын» белгилеген.

«Чоң материалдык зыян келтирилди. [Бирок материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен]. Бирок өз өмүрүн аябастан мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң. [...] Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз! Биз дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз», — деп айткан президент.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Жапаров «Кыргызстан башка бирөөнүн жерине көз артпай турганын, бирок өзүнүн жеринин бир сантиметрин да бербей турганын» эскерткен.

Куралдуу кагылыш

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон.Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматында ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.