Юрист жооп берет: Мигранттар, кош жарандыгы барлар мобилизация тууралуу эмнелерди билиши керек?

Фатима Якупбаева

Юрист Фатима Якупбаева Телеграм каналында мигранттарга жана Орусия менен кош жарандыгы бар адамдар үчүн Орусиядагы мобилизациянын кандай укуктук кесепеттери болушу мүмкүндүгү тууралуу суроолорго жооп берди.

Жарандарга, анын ичинде Орусия менен кош жарандыгы бар адамдарга өлкөдөн чыгууга болбойбу?

Юрист мобилизация жөнүндөгү мыйзамга ылайык, аскердик кызмат өтөөгө ылайыктуу адамдар чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө чогулуу пункттарына барууга тийиш. Анын айтымында, мобилизация жарыялангандан кийин аскердик каттоодо тургандарга жашаган аймагынан чыгууга болбойт.

«Ошол эле учурда, Кыргызстанда төрөлүп, 27 жаштан кийин орус жарандыгын алган жарандардын көбү Орусиянын военкоматтарында каттоого турган эмес, аскердик кафедрада окушкан эмес жана милдеттүү аскерге барышкан эмес. Алар, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, биринчи кезекте чакырылбашы керек. Бирок, саясий кырдаалды жана мобилизацияга байланыштуу акыркы мыйзамдар кандай гана тездик менен кабыл алынганын эске алганда, бул укуктук боштук алып салынып, баары чакырышы мүмкүн», — деди ал.

Чакыруу алгандан кийин аскер комиссариатына барбай койсо эмне болот?

Адвокаттын айтымында, эгерде чакыруу алган адам аскер комиссариатына барбай койсо, алгач 3 000 рубль айыпка жыгылат. Андан кийин ал аскерден качуу катары каралат — аскер бөлүгүнө атайын келбей коюу же «кызмат өтөөдөн качуу максатында» өз билемдик менен кетип калуу. Бул үчүн 5 жылдан 15 жылга чейин жаза каралган.

Учурда кыргыз жарандары орус жарандыгынан баш тарта болобу?

Фатима Якупбаева кыргызстандыктар орус жарандыгынан баш тарта аларын, бирок ал көп убакытты талап кылган процедура экенин айтты.

«Орусиянын мыйзамына ылайык, эгерде адамдын Орусиянын алдында аткарылбай калган милдеттенмелери бар болсо (мисалы, салыктар, насыя же алименттер төлөнбөй калган) же адам кылмышка шектелип жаткан болсо жарандыктан баш тарта албайт», — деп билдирди ал.

Орус жарандыгынан баш тартуу үчүн төмөнкүлөрдү кылуу керек:

  • керектүү кагаздардын топтомун чогултуу (бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин сайтында кеңири маалымат берилген: https://kyrgyz.mid.ru/vyhod-iz-grazdanstva-rossijskoj-federacii );
  • консулдукка же ИИМдин аймактык бөлүмүнө арыз жана чогултулган документтерди тапшыруу;
  • ыйгарым укуктуу орган арызды жана кагаздар топтомун кароого алганын тастыктаган документти алуу;
  • бир жыл же алты ай өткөндөн кийин жарандыктан чыгуу тууралуу маалымкат алуу (процедурага жараша: жалпы же жеңилдетилген).

Арызды президентке караштуу комиссиянын мүчөлөрү карап, андан ары Орусия президентинин жарлыгы менен бышыкталат.

Негизи мыйзам боюнча аскерге кимдер чакырылышы керек?

Якупбаева мобилизация боюнча аскердик кызматка Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн запасында турган жана мөөнөтүн жылдырууга укугу жок 18 жаштан 60 жашка чейинки орус жарандары чакырылууга тийиш экенин айтат.

Адвокат Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн запасында аскерде милдеттүү кызмат өтөгөн же аны альтернативалык жол менен бүтүргөн эркектер, ошондой эле аскердик кафедраны аяктагандар жана аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн жылдыргандар (анын ичинде ден соолугуна байланыштуу) же 27 жашка чейин военкоматка келбей жана карматпай качып жүргөндөр турарын айтып берди. Ошондой эле аскердик адистиги барлар да запаста турат.

Кимдер аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн жылдыра алат?

  • 16 жашка чыга элек төрт же андан көп баласы бар аталар;
  • жалгыз бой аталар, эгер баласы 16 жашка чыга элек болсо;
  • баласы 16 жашка чыга элек баласы бар аялдар (анын ичинде күйөөсү бар аялдар);
  • көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү жашы жеткен балдар, эгер үй-бүлөнү жалгыз бой эне багып, алардын арасынан төртөө сегиз жашка толо элек болсо;
  • ооруп жаткан жакынына кам көргөндөр — эгерде аларды караганга башка эч ким жок болсо;
  • ден соолугун байланыштуу аскердик кызмат өтөөгө убактылуу жарабайт деп табылгандар (Г категориясы., бул учурда мобилизациянын алкагында аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн жарым жылга чейин жылдырууга мүмкүн);
  • Федерация Кеңешинин мүчөлөрү жана Мамлекеттик думанын депутаттары.

Аялдар да чакырылышы мүмкүнбү?

Якупбаева мобилизация жөнүндө мыйзамда мобилизацияга тартылуучу жарандын жынысы айтылбасын, бул жерде аскердик-каттоодогу адистик жана медициналык көрсөткүчтөр эң биринчи маанигэ ээ экенин айтат.

Аялдар, жада калса кургактагы аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн эмес болсо да эгер төмөнкү тармактарда адистиги бар жана аскердик каттоосуу болсо аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн:

  • байланыш;
  • эесеп-кысап техникасы;
  • оптикалык жана үн өлчөөчү каражаттар жана метеорология;
  • медицина;
  • полиграфия;
  • картография.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялаган.