Кыргыз ТИМи: Мындан аркы чыңалуу үчүн жоопкерчилик бир гана Тажикстандын мойнунда болот

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий сайтында Тажикстандын ТИМнин 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында жасаган билдирүүсүнө жооп берди.

«Тажик тарап билдирүүсүндө баарын өзүнө ылайыктап көрсөткөн. Тажикстан биздин өлкөгө карата жасаган куралдуу агрессиясын мойнуна албасы алдын ала эле түшүнүктүү болгон, болгон күнөөнү бизге оодарууга аракет кылып жатат», — деп билдирди кыргыз ТИМи.

ТИМ быйыл 14-17-сентябрында болуп өткөн жаңжал — Тажикстандын Кыргызстанга каршы аллдын ала пландалган аскердик агрессиясы экенин белгиледи.

«Тажикстандын Кыргызстандын дарегине тагып жаткан негизсиз айыптоолору — бул жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга оодаруу аракети. Тажик тарап Кыргызстандын коргонуу аракеттерин дискредитация кылуу үчүн эл аралык коомчулуктун алдында жалган маалымат таратуу кампаниясын жүзөгө ашырды. Кыргызстанда тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагында жасаган кылмышынын жана агрессиясынын бардык далилдери (сүрөт жана видеолор) бар», — дейт ТИМ.

ТИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстан Тажикстандын жерлеринин бир бөлүгүн басып алды деген маалымат — дезинформациянын бир бөлүгү. ТИМден Кыргызстан аскерлерин жана аскердик техникаларын калктуу конуштарда жашырып жатат деген билдирүү адаштыруу максатын гана көздөй турганын айтышты.

«Буга байланыштуу чек арадагы мындан аркы чыңалуу үчүн жоопкерчилик бир гана Тажикстандын мойнунда болот. Тажикстандын экинчи жолку агрессиясына карабастан Кыргызстан бардык чек ара жана ички маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деп ишенет, кыргыз тарапта андай даярдык жана эрк бар», — деп жыйынтыктады ТИМ билдирүүсүн.

Тажикстан эмне деген эле?

Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ушул эле уюмдагы билдирүүсунө жооп берген.

Тажик ТИМнин башчысы Садыр Жапаров сөзүндө кыргызстандыктар гана набыт болду деп, куралдуу кагылышуунун кесепети Кыргызстанга гана тийди деген «жалган ой туудурган» деп билдирди. Ал аскердик агрессияны Кыргызстан жасады деп айткан.

«Кыргызстан жетишилген макулдашуулардан четтеп, аскерлерин жана оор аскердик техникасын чек арадагы калктуу конуштарга жашырып аларды алып чыгып кеткенбиз деп жалган көрүнүштү жаратып жатканы өкүнүчтүү. Ошондуктан, тажик-кыргыз чек арасындагы ар кандай кийинки чыңалуу үчүн жоопкерчилик толугу менен Кыргызстандын мойнунда болот», — деп билдирген тажик тарап.