Азамат Жаманкулов маданият министри кызматынан бошотулду

Азамат Жаманкулов

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаманкулов кызматынан өз арызы менен кеткен.

Жаманкулов кызматка минкабдын жаңы курамында келген. Ага чейин ал 2018-жылы да маданият министри болуп эмгектенген.