Иллюстрация: Алина Печенкина «Клооп» үчүн

Ондогон жылдар бою миңдеген кыргызстандыктар акча табуу максатында Орусияга каттап турду. Эми Орусия Украинага бастырып кирип, эл аралык санкциялар салынып, экономиканын абалы төмөндөп жаткан шартта айрымдар башка жол табууга аракеттенүүдө. «Клооп» чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча 1120 жарнаманы чогултуп, анализдеп чыкты: Орусияга караганда башка мамлекеттерге иштегени кеткен кыргызстандыктардын саны миң эсе аз. Себеби эмнеде? Балким чет тилин билбегендиктен болуп жүрбөсүн?

Кыргызстандыктарды кайсы мамлекеттер кабыл алат?

Миграция департаментине караштуу Маалыматтык-консультациялык борбордун (МКБ) маалыматы боюнча, кыргызстандыктарды ишке орноштуруунун Орусиядан башка багыттары — Түркия, Перс булуңундагы өлкөлөр*, Чыгыш Европа** жана Германия.

* Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Оман, Бахрейн, Сауд Арабиясы, Кувейт.

** Польша, Чехия, Болгария, Литва, Латвия, Словакия, Хорватия.

Кандай жумуш орундары бар?

Кыргызстандыктар 2016-жылдан бери өлкөдө жигердүү иштеп келе жаткан жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу башка өлкөдө жумуш таба алышат. Алар мигранттарды мыйзамдуу түрдө иштетет жана алардын ишмердүүлүгү лицензияланат (лицензия жыл сайын жаңырып турат). Эгерде жөнөтүүчү компаниянын керектүү документтери жок болсо, анда ал мыйзамсыз иштеп, ишке орноштурууда кепилдик бере албайт дегенди билдирет.

Бардык жеке компаниялар жумуш орундарды соцтармактарда — Фейсбук жана Инстаграмга жарыялап турушат. Биз 2019-2022-жылдар аралыгында чыккан 1120 жарнаманы чогултуп, изилдеп чыктык — толук тизмени бул жерден карап чыксаңыз болот.

Иш орундарынын негизги багыттары — тейлөө кызматы, өндүрүш, курулуш жана жүк ташуу тармактары. Андан тышкары, арасында айлыгы жогору болгон вакансиялар дагы кездешип жатты — бул категорияга менежерлер, медайымдар, IT-адистери кирди.

Графикте, бул категория «башка» деген тизмеге киргизилди — алардын үлүшү 3%ды гана түздү.

Менежерлерге көбүнесе Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү ресторан, мейманкана жана дүкөндөр муктаж. Бул кызмат орундарга талап жогору — сөзсүз түрдө англис тилин билүү, атайын жогорку билим жана иш тажрыйбасы болууга тийиш.

Техникалык багыттагы адистер — IT-адистер — Европа өлкөлөрүндө талап кылынат. Аларга дагы кесиптик билим жана иш тажрыйбасы маанилүү, бирок эң негизги талап — англис тилин билүү. Анткен менен маянасы абдан жакшы: 1000 доллардан 5000 долларга чейин, ошондой эле аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок жумушка орноштуруучу жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн айтымында, кыргызстандыктар тил билбегендиктен тандоонун башында эле өтпөй калат.

Медицина тармагындагы адистер көбүнесе Перс булуңундагы мамлекеттерде жана Германияда талап кылынат. Медиктерге жакшы шарттар түзүлүп берилет: аларга турак жай, үйдөн жумушка чейин транспорт уюштурулат. Эмгек акы — кенже медицина адиси үчүн айына 2000 доллардан жогору. Германияда да шарттар ушундай эле, бирок бир талап бар — сөзсүз немец тилин билүү керек. Медайымдардын айлык акысы 2000 евродон башталат.

Германияда эмгек мигранттарына коюлуучу талаптар башка өлкөлөрдөгүгө караганда алда канча жогору. Эгер жумуш издөөчү квалификация талап кылынбаган тармактагы жумушка бара турган болсо, немец тилин базалык деңгээлде билиши, физикалык жактан чыдамкай болушу, ВИЧ/СПИД оорулары жоктугу жана соттолбогондугу тууралуу маалымкаты болушу керек. Эгер көбүрөөк акы төлөнүүчү тармакта иштөөнү кааласа, немец тилин билүүсү В1 же В2 деңгээлинен жогору болушу керек. Андан тышкары, жумуш берүүчүлөр квалификациясы тууралуу дипломду көрүүнү жана алдын ала бир нече баскычтан турган маектешүү өткөрүүнү каалашат.

Агенттиктер жылына канча кишини жумушка орноштурат?

Миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордун (МКБ) маалыматына ылайык, 2019-жылы жеке менчик компаниялар аркылуу иштеп акча табуу үчүн 7,4 миң киши чет өлкөгө кеткен. Ал эми 2020-жылы пандемия учурунда болгону — 239 киши. 2021-жылдан тарта абал теңделип, ушул жылдын жети айында чет өлкөгө 4000 жумушчу жиберилген. Жумуш менен камсыз кылуучу (ЖКК) жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын башчысы Шерболот Аскарбек уулунун айтымында, жылдын аягына карата ЖКК ковидге чейинки көрсөткүчтөн ашат.

Бирок бул расмий гана статистика. Жумушка орноштуруунун реалдуу сандары — эки эсе көп: жылына 12-15 миңдей киши дейт Шерболот Аскербек уулу. Болгону, айрым агенттиктер салыктарды азыраак төлөш үчүн сандарды азайтып көрсөтүшөт.

«12-15 миң жараныбыз легалдуу түрдө жумушка орношуп [бир жылдын ичинде], алдамчылардан корголгон. [Сандардагы айырмачылыктар] айрым агенттиктер 500 кишини жөнөтүп, бирок 300 киши деп көрсөткөндүктөн болуп жатат. Менин түшүнүшүмчө, алар ошол 300 кишиге салык төлөшөт, ал эми калган 200 кишиге — төлөнбөйт. Мунун себеби, айрым агенттиктер жумушчуларды карызга ишке жиберишет, башкалары [көрсөткөн кызматтары үчүн] алардын туугандарынан же тааныштарынан төлөм алышпайт», — дейт ассоциациянын башчысы.

Бирок, жадакалса бул көрсөткүчтөр Орусияга агылган мигранттардын санына тең келе албайт. 2021-жылы аталган өлкөгө дээрлик миллиондой киши кетсе, алардын 90%ы анкетада өлкөгө кирүү максатын «жумушка орношуу» деп көрсөтүшкөн. Иштеп келүү үчүн Орусияны тандоонун негизги факторлорунун бири — орус тилин билгендик дешет ЖККнын адистери.

Чет өлкөдө жумуш табуу үчүн кайсы тилди окуган жакшы?


Жумуш берүүчү жарнактарды анализдөөнүн жана рекрутингдик агенттиктердин сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча түрк, орус жана англис тилин билүү рынокто бирдей эле деңгээлде талап кылынат — түрк тили бардык жарнамалардын 24%, орус тили — 23%, англис тили — 22%на туура келет. Тил билүү тейлөө тармагына жана сатууга же квалификациясы жогорку жумуштарга орношууда талап кылынат.

Тил билбей туруп 18 пайыз учурда гана жумушка орношууга болот — негизинен квалификациясы талап кылынбаган жайларга — идиш жуугуч, тазалоочу, короо шыпыргыч, бакча жумушчу катары.

Калган учурларда жарнактарда бир канча тилди билүүсү көрсөтүлөт: жарнактарда англис/түрк тили — 8%, немис/түрк тили — 2%, орус/түрк тили — 2%, орус/англис тили 1%ды түзөт.

Тил билүү менен ар кайсы өлкөлөрдөгү кайсы вакансияларга талапкер бола аларыңызды жакшылап талдап алуу үчүн, сизге талаптардын жана сунушталган маяна деңгээлинин карточкасын жасадык.

Авторлор: Алина Касмалиева, Дилде Шатанова

Редакторлор: Екатерина Резникова, Дмитрий Мотинов

Материал Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун алкагындагы дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору Чолпон Узакбаева. Материалдагы пикир жана корутундулар Интерньюс жана анын өнөктөштөрүнүн оюн чагылдырбайт.