Салбуурун — алгыр куш жана тайган салуу менен коштолгон кыргыздын аңчылык оюну. Кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа асынып, тайгандарын ээрчитип ууга чыгышкан.

«Салбуурун» деген сөз аңчылыкка чыгуу дегенди түшүндүрөт. Бул өнөр эң башында тамак таап, жан багуу максатында келип чыккан. «Манас» эпосунда салбуурун оюну кеңири сүрөттөлөт.

Мээлей алып, боо тагып,

Ит агытып, куш салып,

Саадагын санга байланып,

Салбуурундап жер чалган,

Бабалардан калган иш («Манас» эпосунан)

Убакыттын өтүшү менен кыргыздар жоокерчилик заманда салбуурунду аңчылык эле эмес, аскердик мүнөздө колдонушкан. Салбуурунга чыккан жоокерлер машыгуудан өтүшкөн.

Бул өнөр Ысык-Көл, Нарын, Талас аймактарында азыр да кеңири колдонулуп келет. Ал эми салбуурунга кызыккандардын саны Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында дагы артып барат.

Салбуурунда тайган, алгыр куш баккан мергендер биригип, аңчылыкка чыгышат. Бирок бул өнөрдө жаныбарларды жөнү жок кырууга болбойт. Бул — салбуурундун эң негизги өзгөчөлүгү.

Ошол себептен салбуурун үчүн эң эле ылайыктуу мезгил — сентябрдын аягынан декабрдын ортосуна чейинки аралык. Бул убакта жаныбарлар төлдөп, көбөйгөн болот.

Салбуурундун негизги каармандарынын бири — тайгандар. Тайган — кыргыз элине таандык байыркы уучу иттин тукуму. Алар деңиз денгээлинен 2-4 миң метр бийиктикте аңчылык кылууга ыңгайлашкан.

Тайгандын дене түзүлүшү ийилчээк келип, шамдагай жана тез чуркайт. Боюнун бийиктиги 65-70 сантиметрге чейин жетет. Куйругу чыгырык тартып, көөдөнү кең, бели ичке, арткы эки буту иймегирээк келет. Көзү күрөң же кызыл түстө. Шалпаң кулак келип, жүнү тыбыттуу болот. Көбүнчө кара, куу жана көк түстөгү тайгандар кездешет.

Салбуурунда бүркүт менен тайган бирге салынат. Тайган аңды айдап, тосуп берсе, бүркүт барып алат. Эгер бүткүт аңды туура эмес алып, коё берип жиберсе, тайган жетип барып тиштейт. Мындай ыкма аңды коё бербөө максатында жасалат.

Көбүнчө тайгандарды жагыздап ууга салышат. Ал эми карышкыр өңдүү чоң жаныбарларга экиден тайган салынат — бири алаксытып тиштеп өтсө, экинчиси жырткычка чабуул жасайт.

Салбуурунда бүркүт да салынат. Бүркүт — карчыга сымалдуулар тукумуна кирген эң ири куш. Узундугу 90 санитмерге, канатын жайганда 2 метрге чейин жетет. Бүркүт жашаган жерине жараша түсү жана чоңдугу менен айырмаланат. Ал эми бүркүт таптаган киши мүнүшкөр деп аталат.

Салбуурунга жарактуу кушатар алгыр куштар деп аталат. Алар эки топко бөлүнөт — карчыга куштар жана шумкар түркүмү. Карчыга куштарга тынар, тунжур, туйгун, алгыр куштар, ителги, кыргый өңдүү канаттуулар кирет. Булар майда жаныбарларга салынат.

Шумкар түркүмүнө — ителги, ылаачын, шумкар, жагалмай, турумтай өңдүү жырткыч куштар кирет. Булар коён, түлкү, чөө сыяктуу чоң аңга салынат. Ал эми турумтайды жаш бадар үйрөнчүк катары багышат.

Салбуурун 2012-жылы улуттук спорттун катарына кирген. Оюндардын түрлөрү: жааны алыстыкка атуу, жааны бутага атуу, чыргага бүркүт салуу, тайган агытуу болуп эсептелет.

Спорт катары салбуурунда куштардын жана тайгандардын ылдамдыгы жана учуу чеберчилиги текшерилет.

  • Чыргага учуруу — аңга окшогон буюмду атка сүйрөтүп, куш 250 метрге учурулуп, ылдамдыгы текшерилет.
  • Үндөк — куш 250 метр алыстыктан ээсине учуп барышы керек. Алгыр куштар 400 метр алыстыктан чакырылат.
  • Далбаа — ителги, ылаачындардын ылдамдыгын жана учуу чеберчилигин текшерүү. Калыс колунда көгүчкөндүн кебин кармап, куш асмандан келип тебээрде ала коёт, куш буралып келип кайра кол салат. Үч мүнөттө канча жолу кол салганына жараша упай берилет.

Акыркы жылдары салбуурун аңчылык кылуу максатында эле эмес, өнөрдү багуу, салтты жана улуттук баалуулукту кийинки муунга жеткирүү максатында уюштурулуп келүүдө.

Салбуурун өнөрү тууралу «Салбуурун» федерациясынын негиздөөчүсү, күрөш жана жаа атуу боюнча спорт чебери Алмазбек Акунов маалымат берди. Ал эми сүрөт Талас облусунун Үч-Булак айылында тартылды. Сүрөттөрдөгү саяпкер — Муратбек Атамкулов.

Сүрөттөрдүн автору: Найзабек Мукамбетов

Материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында даярдалды. Материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.М