Ошто 24 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелген киши изделип жатат

Ош шаарында 24 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелген киши изделип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин аял күйөөсү экөөнүн ортосундагы жаңжалдардан улам ата-энесинин үйүнө кеткен.

4-октябрда киши аялына келип, анда да жаңжал чыккан. Ал учурда шектүү аялга бир нече жолу бычак сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырган. Маркумдун артында эки баласы калды.

Милициядан шектүүнүн өздүгү аныкталып, учурда бардык тиешелүү аракеттер жүрүп жатканын белгилешти.