«Эмне үчүн отурганымды билбейм». Блогер Жекшеналиев 14-декабрга чейин камакта калды

Сүрөт: «Клооп».

Бишкектин Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевди 14-декабрга чейин камакта калтырды. Ал Фейсбуктагы «Полит Узник» барагына УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айыпталууда. Сегизбаев аталган кайрылуусунда Нарындагы Жетим-Тоо кенин урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Тергөөчү соттон камакка алуунун мөөнөтүн 14-декабрга чейин узартууну суранды, анткени иш боюнча төрт экспертиза дайындалган, бирок алардын корутундусу дагы деле чыга элек.

«Ал суракка алынган. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деди тергөөчү.

Жекшеналиев болсо тергөө иштери жүрбөй жатканын, тергөөчүлөр «той-аштан бошобой» жүргөнүн айтты.

«Эмне үчүн отурганымды билбейм эки айдан бери [...] Мени “бир эски видеону чыгардың” деп атат. Эски видеону чыгарсам эмне кылмышпы? [...] Мен өткөндө айткам бул маразм деп. Жок бул идиотизм! Бул ишке аралашкандардын баары тең идиоттор! [...] Эки айдан бери отурам, ден соолук кетип атат, белде грыжа козгоп атат. Бетон бүт жагы, жаткан жерим. [...] Эй, менден коркпогула да. Көрдүңөр го кимден коркуш керек экенин. Өзүңөрдү өзүңөр коркутуп жүрөсүңөр, бири-бириңерди аңдып коюп», — деди Жекшеналиев.

Активист кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт.

«Башынан эле мыйзамсыз башталган. Менин Конституциядагы 32-33-беренедеги укуктарым, эки укугум, окууга болгон укугум, дарыланууга болгон укугум тебеленип жатат. Абакта жатканда эң башында, 26-августта сол тарабым таптакыр иштебей калды, микроинфаркт болдум. [...] Айтып атпайбы тергөөгө тоскоолдук келтирет депчи, менин телефонумду алып коюшкан, ошол баракчага жеткиликтүүлүк баары бар [тергөөчүлөрдө]. Мен ал видеону монтаждабаганымды, ал видео үчүн эч ким акча төлөбөгөнүн баарын тең далилдеп бергем», — деди Жекшеналиев.

Жактоочу Кантемир Турдалиев эмне үчүн экспертиза кармалгандан бир ай өткөндөн кийин гана жүргүзүлгөнү тууралуу сурпоо узатты. Тергөөчүнүн айтымында, мурдараак экспертиза үчүн керектүү материалдар жок болгон.

Турдалиев буга чейин ушул видео боюнча Сегизбаевдин өзүн коргогонун, азыр эми ал видеону бөлүшкөн Жекшеналиевди эмне үчүн кармашканын түшүнбөй жатканын айтты.

«А эмне, ЖМК, активисттер, деги эле кыргызстандыктар бийлик тууралуу жалаң эле жакшы нерселерди жазышы керекпи? Бул анын [Жекшеналиевдин] конституциялык укугунун бузулушу», — деп эсептейт Турдалиев.

Жактоочу Жекшеналиевди тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарууну өтүндү.

«Медициналык кароо өткөрүлүп, ал жерде консилиум да жасалды. Анын жыйынтыгында гепатит деп атат, тахикардия деп атат. [Үй камагына] коё бергиле, сурактарга келип турат», — деди адвокат.

Бирок судья анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Жекшеналиевдин кармалышы

Ырык Жекшеналиевди 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырган. Сегизбаев аталган кайрылууда Нарындагы Жетим-Тоо кенин урпактарга сактап, өткөрүп берүү керектигин айткан.

ИИМ тараткан маалыматта, соңку учурда аймакта Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында ар кандай талаш-тартыштар жаралып, «белгилүү бир адамдар кенди иштетүүгө каршы чыгууга үндөп, соцтүйүндөрдө ар түрдүү маалыматтарды активдүү таратып жатат».

«“Полит Узник” баракчасына чыккан айрым маалыматтар кооптондурат, анткени айрым активисттер менен атайын адамдар карама-каршылыкты жараткан, такталбаган маалыматтарды таратып, жер-жерлерде кырдаалды курчутуп, коомдук пикирди бурмалоо кызыкчылыктары бар экени байкалууда», — деп билдиришкен анда ИИМден.

Ошол эле күнү Жекшеналиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетүү тууралуу маалымат боюнча кайрылуу жасаган.

«Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген», — деп жазган Жапаров.

Жапаров «Жетим-Тоону коргогучтарга айлангандарды» элдин башын айлантканды токтотууга чакырган. Ал учурда кенди иштетүү боюнча чечим кабыл алына элек экенин, бирок геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, кендин корун тактап коюуга гана буйрук берилгенин кошумчалаган.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен блогер ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жекшенов кол жазма түрүндөгү кайрылуусунда өзүнө карата козголгон кылмыш ишин «100% саясий негизде» деп атаган.

«Медиа Полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев Жекшеналиевге тагылган айыптар — «негизсиз жана мыйзамсыз» деп эсептейт. Анткени активист чыгарган постто коомдук коопсуздукту бузган аракеттерге чакырыктар болгон эмес.

Жетим-Тоо эмне болгон кен?

Жетим-Тоо — бул Нарын жана Ысык-Көл облустарынын кесилишинде жайгашкан ири темир кени. Ал 1956-жылы эле ачылган.

Кыргызстандын тоо-кен өндүрүүчүлөр ассоциациясы Жетим-Тоону — дүйнөдөгү чоң темир кендеринин бири деп эсептейт. Бийликтин маалыматына ылайык, ал жерде 50 млрд долларды чапчыган беш млрд тоннадан ашуун темир рудасы бар.

Инвесторлор кенге 2005-жылы кызыга баштаган, ал убакта өлкөнү бозгун президент Курманбек Бакиев башкарып турган. Кийин Максим Бакиев кенди 300 сомго сатып алып, кендин үлүшүнүн 80%ын кытайлык «Арт Майнинг» компаниясына 25 млн долларга сатканын белгилүү болгон.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин лицензия жокко чыгарылган, ал эми инвестор чечим үчүн бийликти сотко берген. 2012-2013-жылдары компания сотко кайрылып, соттук талаш бир нече жылга созулган, андан кийин, 2016-жылы, бийлик кенди өзүнө алып калганын жарыялаган.

Ошону менен Жетим-Тоо темасы айтылбай деле калган болчу, бирок кен 2020-жылы кайра эске салынган. Алсак, ноябрда бийликке келген Садыр Жапаров Кыргызстан Кытай алдындагы карызынан акчалай эмес, кендин сырьёсу менен кутула аларын айткан. Башкача айтканда, ал жерде казып алынган руданы коңшу мамлекетке берүү.

2022-жылдын апрель айында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жетим-Тоону иштетүүгө акча Кумтөрдүн кирешесинен алынарын билдирген. Кийинчерээк ал Нарынга барып, жергиликтүүлөргө кенди иштетүүнүн пайдасы тууралуу айтып берген.

Бирок, нарындыктардын бир бөлүгү Жетим-Тоону иштетүүгө каршы, атүгүл 12-августта алар бул маселеге каршы митингге чыгышкан. Алар кен иштетилсе экологияга зыян тийип, коррупцияга жол ачылат дешкен.

Үстүбүздөгү жылдын 10-августунан тарта айрым блогерлер менен журналисттер Жетим-Тоону иштетүүнүн пайдасы тууралуу активдүү жаза башташкан. Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы алардын баары бир күндө жазган постторун өчүрүп салышканын жазып чыккан. Кээ бирлери пост үчүн төлөнгөн деген шекти четке кагышкан.

Тема боюнча:

Жетим-Тоо кени боюнча талаш-тартыш эмнеден башталды, эмне үчүн ал көп сөз боло баштады?