Бир кадр менен: Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылды

8-октябрда Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атындагы парктын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Парк Чанкая муниципалдык районунда (Анкара шаарынын маданий жана финансылык борбору — ред.) ачылды. ТИМден маалымдашкандай, паркта жазуучунун бюсту да орнотулган, анда Айтматовдун төмөнкү сөздөрү жазылган: «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу».

Анкара шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун бюсту. Сүрөт: Кыргызстандын ТИМи.

Ачылуу аземине Чанкая районунун башчысы Алпер Ташделен катышып, жазуучу анын «чыгармалары менен барабар өскөн бир катар Түркиянын жарандарынын бүтүндөй муунуна маанилүүлүгүн» белгиледи.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ачылуу аземинде Анкарада Айтматовдун урматына парктын ачылышы «жазуучуга жана анын элесине болгон терең урматын ачык ырастоосу гана эмес, ошону менен бирге Кыргыз жана Түрк элдеринин боордоштук алакаларынын символу экенин» баса белгиледи.

Чынгыз Айтматов — кыргыз жана совет жазуучусу, ал адабияттын классиги. ЮНЕСКОнун маалыматтарына ылайык, Айтматов заманбап жазуучулардын арасынан чыгармалары эң көп окулган жазуучу. Анын чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, 128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нускада басылып чыккан.

Айтматов 1994-жылдан 2008-жылдарга чейин Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс (Бельгия, Нидерланды жана Люксембург) өлкөлөрүндөгү элчиси болгон.

Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Аны 14-июнда Бишкекке жакын жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге берилген.