2022-жылдын аягында Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги пайда болуп, маал-маалы менен жарык өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Tazabek басылмасы билдирди.
ЖМКнын маалыматына ылайык, Кыргызстан 13,4 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө кудурети жетет. А бирок өлкөнүн керектөөсүнө 16,1 млрд кВт саат жумшайт. Башкача айтканда, мамлекет 2,7 млрд кВт саат импорттоого аргасыз.
Электр энергиясын пайдалангандардын саны өсүүдө
Журналисттер мындай абал эгемендүүлүк жылдарында өлкөдө бир дагы чындап баалуу энергетикалык объектилердин ишке берилбегендигинен улам дешет.
«Болгону Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп, ага 120 МВт кубаттуу турбина орнотулган. Кийинчерээк алар экинчи турбинаны орнотууну чечишкен — инженерлердин планы боюнча кошумча турбина объектинин кубаттуулугун 360 МВтка чейин жогорулатышы керек болчу. Аны орнотуу үчүн насыя алып, жыйындарды өткөрүп, пландарды бекитишкен, бирок турбиналар дагы жок, жыйынтык дагы жок», — деп билдиришти журналисттер.
Tazabek Кыргызстанда калктын саны өсүп, инвесторлор ишканаларды ачып, мындан улам өлкөдө электр энергиясына болгон керектөө дагы жыл өткөн жогорулап жатканын белгиледи.
2022-жылдын апрель айынын башында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров өлконүн экономикасын жогорулатыш үчүн дагы 4-5 млрд кВт/саат керектигин айткан.
«Бул бизге жетишпей жаткан нерсе», — деген ал анда. Мындай көлөмдөгү электр энергияны өндүрүү үчүн Кыргызстан кеминде беш жаңы Камбар-Ата 2 ГЭСин курушу керек.
ЖМК Кыргызстан электр энергиясын импорттоого көз каранды болгондуктан электр жарыгы жок калышы мүмкүн экенин белгилейт. Алсак, Кыргызстан буга чейин 1,6 млрд кВт/саат сатып алган, ошону менен дагы 1,1 млрд кВт саат эле калды.
«Эгер 1,1 млрд кВт саат кышка чейин башка өлкөлөрдөн импорттолсо, эч кимге жеңил болбойт», — деп баса белгиледи журналисттер.
Казакстандан келген электр энергия
Tazabek май айында Кыргызстан менен Казакстан келишимге кол койгонун, ага ылайык Кыргызстан кургакчылык мезгилинде Казакстанга электр энергиясынын ордуна суу экспорттогонун белгиледи.
Бирок Казакстандын вице-министри Жандос Нурмаганбетов басылмага билдиргендей, казак тарап кышында Кыргызстанга болгону 250 миллион кВт/ саат берүүнү пландап жатат. Бул көлөм күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде 4 күнгө гана жетет деп баса белгилешти журналисттер.
Казакстандын Кыргызстанга электр энергиясын толук бере албай турганынын себеби — жылытуу мезгилине даярдыктын начардыгы жана өз өлкөсүндө энергиянын жетишсиздиги.
Маал-маалы менен өчүрүү
«Казакстандан келбесе, Кыргызстан электр энергиянын таңкыстыгын Жалал-Абад облусундагы Токтогул суу сактагычынын суусу менен толтурса болот, бирок андан кийин башка көйгөйгө туш болобуз. Суу сактагычтагы суунун деңгээли өлүү чегине жетет. Суу 837 метрге чейин төмөндөп, көлөмү 5,4-5,5 миллиард куб метрден ашпайт. ГЭСте иш токтойт», — дешти журналисттер.
ЖМК 2008-2009-жылдары дагы мындай абал кышында электр жарыгын өчүрүүгө алып келгенин белгиледи. Андан кийин шаарларда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, айрым айылдар бир нече апта жарыксыз калган.
Энергетика министри Таалай Ибраев буга чейин Токтогул суу сактагычында «өлүү чекитине» жетпеши үчүн Бишкек ЖЭБиндеги электр энергиясын көбөйтүүнү сунуштаган. Бирок бул учурда ЖЭБге кошумча 300-350 миң тонна көмүр керек болуп, ал дагы жок. Энергетика министрлиги азыртан эле «арзаныраак» көмүр издеп жатат, бирок тендер өткөрүүгө «убакыт жок».
Журналисттер Кыргызстан электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөрдү ири ГЭСтерди куруу аркылуу чечүүнү пландап жатканын айтышты.
Алардын эң тез ишке кире турганы Камбар-Ата1 ГЭСи — эл аралык инвесторлор 3 миллиард долларга каржыласа, сегиз жылдан кийин ишке кирет.