Сүрөттүн автору: Татьяна Зеленская

Сүрөтчү Татьяна Зеленская кыздардын күнүнө карата атайын иллюстрация жарыялады. Ал сүрөттү «Кызга кырк үйдөн колдоо» деп баяндады.

«Кыздарды 40 үйдөн колдош керек. Бул “кызга 40 үйдөн тыюу” макалына антоним», — деп жазды ал.

11-октябрда кыздардын эл аралык күнү белгиленди.

Кыргызстан — кыздар жана аялдар үчүн кооптуу өлкө. Аларды зомбулук көрсөтүп зордукташат, никеге мажбурлоо үчүн уурдашат, ыдык көрсөтүшөт, бирок көпчүлүк учурда кылмышкерлер жазасыз калышат.

Статистикага ылайык, кыргызстандык кыздардын 83%ы өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Көпчүлүк учурда жабырлануучулар милицияга кайрылышпайт, анткени коомдун жемесине калуудан чочушат.

Мындан сырткары, кыздардын көпчүлүгү билим алууда жана кесип тандоодо стереотиптердин басымына кабылышат: аларга тандап алган кесибиң «аялдарга туура келбейт» деген жүйөөлөрдү айтышат. Адатта мындай сөздөрдү илимге, ITге, архитектурага, ал тургай режиссёрлукка барган кыздар көп угушат.