Ырчы Манижанын кыргыз хоккейчилери катышкан клиби жарык көрдү

Тажик тектүү орусиялык ырчы Манижа Сангин (Manizha) Now or Never ырына тартылган клипти жарыялады. Андагы башкы каарман — Кыргызстандагы жалгыз кыздар хоккей командасынын оюнчусу. Бул тууралуу ырчы Инстаграм барагына жазды.

Манижанын айтымында, клип февралдын аягында эле тартууланышы керек болчу, бирок коомчулукка эми гана көрсөтүүнү чечкен.

«Сюжетте хоккей ойногон кыздар балдарга каршы боло турган матчка даярданышат жана коңшу аймактагы мелдешке барышат. Алар өздөрү Ысык-Көлдүн түндүгүндө, Отрадное айылында жашашат жана жергиликтүү дилгир машыктыруучунун аракети менен хоккей аянтчасына айланган мурдагы картошка айдалган талаада машыгышат. Азыр ал кыздар мойнуна илинген жумуш менен алек. Бирок алар чоң спортко болгон кыялдануусун дагы деле улантып, аны багынтканга аракет кылышат», — деп жазды ырчы клиптин анонсуна.

Манижа Бишкекке кайрымдуулук концерти менен келүү ниети бар экенин да билдирди. Анын айтымында, концерттен түшкөн каражатты хоккей командасын колдоого которот.

«Эгер сиз дагы кыздарды колдоп жана жардам бергиңиз келсе, мисалы спорттук ийим, инвентарь алып бергиңиз келсе, мага директке жазыңыз», — деп кошумчалады ал.

Манижа деген ким?

Манижа Сангин — көз карандысыз ырчы. Ал чыгармачылыгы менен коомчулуктагы көйгөйлөрдү көтөрүп, коомдук иштерге да активдүү катышып келет.

Ал өз ыктыяры менен 2020-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттигинин Орусиядагы алгачкы элчиси болгон.

Ырчы 2021-жылы «Евровидение» сынагында Орусиянын атынан катышкан. Ал «Орус аялы» (Russian women) ыры менен тогузунчу орунду ээлеген.

Ал сынакка көрсөтүлө баштагандан кийин интернетте ырчы жана анын теги тууралуу ксенофобдук пикирлер айтыла баштаган.

Ал 1991-жылы Дүйшөмбү шаарында төрөлгөн. Үч жылдан кийин Тажикстандагы жарандык согуштан улам анын үй-бүлөсү Москвага көчүп келген. Ырчы чыгармачылыгында качкындар менен мигранттар кандай кыйынчылыктарга кабылаарын айтат.

Ошондой эле ырчы феминизмдин жана бодипозитивдин жактоочусу. Ал Орусияда өткөн үй-бүлөлүк зомбулука каршы кампанияга активдүү катышкан.

Сангин 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар колдоно алган SILSILA мобилдик телефондорго ылайыкташкан колдонмону ишке киргизүүгө жардам берген. Ошондой эле ал көйгөйгө көңүл бурдуруу үчүн «Апа» деп аталган клип тарткан. Анда Орусиядагы үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапкан аялдардын статистикасын көрсөткөн.

Ошондой эле ырчы апасы менен бирге үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсотүү үчүн SILSILA фондун негиздеген. Учурда алар басымды коомчулуктун аялуу катмары болгон мигранттарга, качкындарга жасап жатканын билдирген.