Тушоо кесүү — каз-каз туруп, кадам шилтөөгө далалат кылган наристеге байланышкан кыргыз салты. Бул каада жаш баланын жолу ар дайым шыдыр болсун деген тилекте, аксакалдардан бата алуу максатында жасалат.
Тушоо тойдун эң негизги каармандары — жаш балдар. Себеби, жаңыдан баса баштаган бөбөктүн тушоосун ниети таза жаш балдар кесип, аларга белектер берилет.
Тушоо тойго үй ээсинин тууган-туушкандары менен бирге айылдагы жашы улгайган аксакалдар чакырылат. Аларга дасторкон жайылып, сый тамак тартылат.
Тушоосу кесиле турчу жаш баланыны бутуна байланчу ак-кара жүндөн эшилген ала жип даярдалат. Ал адам жашоосунда ак менен кара, кубаныч менен кайгы, өмүр менен өлүм бирге жүрөт, бала жашоосунда «жакшылыкка көппөсүн, жамандыкка чөкпөсүн» деген маанини туюнтат.
Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалып, балдар чуркай турчу жер аныкталат. Башкаруучу балдарды чуркаганга даярдайт — ага тушоосу кесилген балдардын катышканы туура деп айтылат.
Мара менен балдар чуркай турчу жердин аралыгы кеминде 15-30 метрди түзөт.
Тойго келген аксакалдар менен аял-эркектер мараны тегеректеп тизилет. Ал эми маранын ортосуна ак кийиз же кездеме төшөлүп, бутуна ала жип байланган наристени тургузушат.
Тушоосу кесиле турчу баланын чоң энеси менен таенеси небересинин колунан сүйөп турат. Алардын колуна ыраазычылык билдирүү иретинде бирден жолук байланат же берилет.
Ал эми жаш баланын бутуна ак-кара жүндөн эшилген жип байланат. Чуркаганы даяр турган балдар башкаруучунун буйругу менен коё берилет. Ким биринчи келсе, ошол баланын бутундагы байлоону кесет — көп учурда ага атайын жаңы бычак колдонулат.
Ак кара жиптин кесилгени баланын «жолундагы жамандыктарды кесип салуу, тоскоолдуктан арылтуу» деген маанини берет.
Марага келген балдарга байгелер ыйгарылат. Биринчи келгенине байге менен кошо бычак да тапшырылат. Көбүнчө той ээлери негизги байге катары мал энчилешкен.
Байге катары оюнчуктар, таттуулар даярдалат. Ал эми мурда байге катары камчы, чылбыр, жоолук, ийне жана оюнчуктар берилген.
Марага биринчи жана экинчи келген балдар «жолун шыдыр болуп, жашооңдо чалынбай жүр» деп бөбөктү жетелешет. Ал эми четте тургандар ичинен «баланын жолу ачык болсун» деп тилеп турушат.
Азыркы тапта тушоо тойдо балдардын тышкары келиндер менен эркектер да чуркашат. Бирок алар чуркаганда баланын бутуна ак-кара жип байланбайт. Алар дагы марага канчанчы болуп келгенине жараша байгелерин алышат.
Баланын тушоосу кесилип, чуркап бүткөн соң келгендерге чачыла таратылат. Чачыла — чоң табакка атайын даярдалган боорсок жана татуулар.
Айрым учурда тыйын да чачыла катары колдонулат. Ал баланын өмүрү молчулукта өтсүн деген тилекте жасалып, чачыла алган ар бир адам балага бата берет.
Чачыла таратылган соң тойго келгендердин эң сакалдуусу алаканын жайып, жаш балага бата берет.
Аксакал «баланын жолу ачык болсун, ак-караны бирдей көтөрүп, жакшылыктан кем болбой, татыктуу өмүр кечирсин! Жерге-жээги менен аман болсун!» деп тилек айтат.
Тушоо тойдо кесилген ала жип сары майга чыланып, өрттөлөт. Бул колдонулган жип тебелендиде калбай, тойдо айтылган бардык тилек ишке ашсын деген мааниде жасалат.
Тойго келгендерге акыркы сый тамак тартылып, меймандар узатылат.
Cүрөттөр Нарын районуна караштуу Ийри-Суу айылында тартылды. Тушоо той тууралуу «Кыргыз жолу» фондунун мүчөсү, «Энелер мектебинин» насаатчысы Жийдебүбү Исакова маалымат берди.
Сүрөттөрдүн автору: Найзабек Мукамбетов
Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында даярдалды. Материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.