Кемпир-Абад суу сактагычы, 2021-жыл. Сүрөт: Даниль Усманов / Eurasianet

22-октябрда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Бишкекке келгенде Кыргызстандын бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычын коңшу өлкөгө өткөрүү тууралуу келишимге кол коюшу мүмкүн. Эмне деп жазылганы жашыруун сакталып аткан документ азырынча бекий элек: Кыргызстандын түштүгүндө тургундар каршы чыгышууда. Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттарынын бакубат кабарларынан алар эмне себептен каршы экенин түшүнүү мүмкүн эмес.

Бирок 15-октябрда, Ош облусунда өткөн курултайда Өзбекстан сууну эле эмес, Кемпир-Абад суу сактагычынын жазында суу каптап, кийин тартылып кетүүчү түшүмдүү жерлерин дагы алаары белгилүү болду. Дал ошол жерде жергиликтүүлөр айтылуу өзгөн күрүчүн өстүрүшөт. Анан калса, бул бийлик үндөбөй өтүп жаткан кесепеттердин бирөөсү гана.

Өзгөн районунун Жерге жайгаштыруу боюнча комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Акыл Айтбаев «Клоопко» Кемпир-Абаддан кол жууса Кыргызстанды эмне күтөөрүн айтып берди.

– Мен бул жерде туулуп өскөм. 1991-1998-жылдары Өзгөн районунда жер комитетинин башчысынын орун басары болуп иштегем. Мен ал жерлерди жакшы билем, чек ара сызыгын дагы так айта алам.

Бийлик Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычын бериши мүмкүн деген чек аралар тууралуу кеп болгондо, «900-горизонт» деген сөздү көп айтып жатышат. Бул эмне болгон горизонт, түшүндүрүп берсеңиз?

- «900-горизонт» — бул деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктиктеги сызык. [УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сүрөмөлөп жаткан Өзбекстан менен] келишимдин долбоору боюнча, Кемпир-Абад суу сактагычы 900 метр белгиге чейин толгондо суунун алдында калган жердин баары Өзбекстанга кетет. Ал 5731 гектардын 4485 гектарын (5731 га — суу сактагычтын максималдуу жол берилген 908 метрге чейин сууга толгондогу жалпы аянты) алат. Жердин калган бөлүгү келишимдин долбооруна ылайык, Кыргызстанда калат.

Бул Өзбекстан менен чек ара 900-горизонталь менен өтөт дегенди билдирет. Кечээ бул жакка, Кызыл Октябрь айылына заманбап аспаптарын алып адистер келип кетишти. Алар аймактагы 900-горизонт кайдан өтөөрүн аныкташты. Көрсө ал жер азыр курултай өтүп жаткан айылдан дагы ылдый экен, ошол Өбекстанга өтөт. Демек, чек ара так айылдын өзүнөн өтүп калат.

– Эгер Кыргызстандын 900 метрде деп белгиленип орнотулган желектерине карасак, Кызыл Октябрь айылы келечекте түшө турган чек ара сызыгынан өйдө турат, ал эми Кемпир-Абаддын суу сактагычынын алдындагы жерлер анын ылдый жагында болуп калат. Азыр суу сактагычтын жээгинде жашаган эл күрүч, жүгөрү жана башка дан эгиндерин эгет. [Суу сактагычтын жери берилип кетсе] алар эмне болушат?

— Совет мезгилинде Кемпир-Абад суу сактагычы курулуп жаткандагы кол коюлган макулдашууга ылайык, Өзбекстан андагы сууну пайдалана алмак. Бирок суу тартылып, (суу алдындагы жер ачылганда) биздин эл жерди каалагандай пайдаланган.

Азыр суу кайсыл жерде жайгашканына карабастан, чек ара 900-горизонталь менен тартылат. Өзбекстан бул аймактагы чек ара сызыгы тосулбайт, эч кимге тийишпейбиз деп кепилдик берип жатат: кыргызстандыктар мурдагыдай эле сууну каалашынча пайдалана алат, жандыктарын сугарып, сугат иштерине колдонуп, балык уулоого чыкса болот.

Мүмкүн азырынча тосулбайт. Бирок, кийинчерээк, эгер Өзбекстандын президенти алмашса алар тосмо да, пост да, вышка да курат деп корком. Ошондо биз суудан айрылабыз.

Мага түшүнүксүз болгон дагы бир жагдай, эмнеге бийлик стратегиялык объектинин тагдырына кайдыгер карап жатат. Кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычтын жарым ай сымал плотинасынын ортосунан өтөт. Дамбанын жарымы Өзбекстанга, жарымы болсо бизге карайт. Биздин бөлүктө эки ГЭС жана көмөкчү чордон бар. Бирок алар Өзбекстанга караштуу. Коңшу өлкө Кемпир-Абад суусун 60 жылдан бери пайдаланып келет, бирок кокус дамба жарыла турган болсо бүткүл Фергана өрөөнүн суу каптайт деп чочулайт. Ошондуктан Өзбекстан дамбаны өз коргоосуна алган жана ал жакка эч кимди киргизбейт. Азыр 19,5 гектар жер, дамбанын эки ГЭС жайгашкан Кыргызстанга тиешелүү бөлүгү кошо Өзбекстанга берилмекчи. Ошол эле учурда, макулдашууда электр станциялары тууралуу бир да сөз болгон эмес — жер берилет деп гана жазылган.

— Кемпир-Абад суу сактагычы курулуп жатканда Өзбек ССРи сууну пайдаланганы үчүн Кыргыз ССРне канал куруп берүүгө милдеттендирилген. Ал эмне болгон канал, жана кайсыл жерден өтүшү керек?

— Өзбек ССРи сууну пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн Кыргыз ССРнин алдында алган милдеттеринин бирин да аткарган эмес. Биринчи кезекте, алар Кемпир-Абад плотинасынын ылдыйында, сол жээк менен Баткен жана Сохко чейин созулган узундугу 219 километр канал курушу керек эле. Аткарышкан жок. Кийин алар каналды 70 километрге кыскартышты: 149 километр курабыз дешти. Бирок, бир дагы километр курушкан жок. Андан тышкары, суу сактагыч курулуп жатканда Өзгөн-Ханабад жолун суу басып калган. Өзбек тарап жаңы жол куруп берүүнү убадалап, бирок убадасын аткарган эмес.

Кийин, суу сактагыч курулгандан кийин ага жакын айылдарда жер астындагы суулар көтөрүлө баштаган. Жер иштетүүгө жараксыз болуп, нымдуу жерде жашаган адамдар ооруй башташкан. Өзбекстан өзүнүн эсебинен сууну соруп кетүүчү коллектордук-дренаждык түйүн курууну убадалап, аны да аткарган жок. Дарыяга көпүрө курабыз дешкен, ал да курулган жок.

Башкача айтканда, өздөрүнө пайда алып келе турган нерсенин баарын кылып, бизге пайдалуу иштерген келгенде аткарган эмес. Эми азыр айтып жаткан убадаларына ишенбейбиз. Азыр макулдашуунун долбоорунда чек ара 900-горизонт аркылуу өтөт, бирок деморкация болбойт жана тосмо тартылбайт деп жатышат. Бирок бул убактылуу гана. Бул жерлерди юридикалык жактан өздөрүнө өткөрүп алгандан кийин — тосмо курулабы-жокпу өздөрү чечишет, бизден сурашпайт.

— Бирок бийлик анын ордуна Кыргызстан Өзбекстандан башка жерлерди алат деп жатпайбы?

— Ооба, 4-октябрда Садыр Жапаров Өзгөндө тургундар менен жабык эшик артында жолукту. Ал Кемпир-Абад үчүн өзбектер бизге кенемте катары ай кайсы райондордон — Ала-Бука, Аксы, Аравандан жерлерди беришти жана биз дагы суу сактагычты беришибиз керек деп айтты. Бирок өзбектер бизге жалпы 4126 га берип, а бизден 4482 гектерды алып жатат.

Мындан тышкары алар берген жерлер — баалуу эмес, таштуу, көбүндө суу жок. Аларда бонитет баллы — топурактын түшүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү — өтө төмөн. Ал эми бул жерде, Кемпир-Абадда түшүмдүүлүк өтө жогору, бул жерде атактуу өзгөн күрүчү өстүрүлөт.

Акыл Айтбаев
Кемпир-Абад Өзбекстанга берилип кетсе Ош-Бишкек жолунун боюндагы Жазы дарыясынын айланасындагы күрүч талааларынан айрылып калышыбыз мүмкүн. Сүрөт: Виктор Мухин/ Клооп

Кемпир-Абад суу сактагычын курууга бөлүнгөн 5731 гектар жер Кыргыз ССРнин министрлер советинин 1965-жылдын 22-октябрындагы №475 токтому менен берилген. Бирок Өзбек ССРнин сол жээктеги Кемпир-Абад каналын жана коллектордук-дренаждык тармагын куруу боюнча милдеттемесин аткарбай койгондуктан, КССРнин Министрлер совети [1975-жылы] №74 жаңы токтом кабыл алган — ал КССРнин Ош облусундагы чек арасына суу сактагыч курууга делген жерди кайтарып Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРнин республикалык чек арасын өзгөртүүсүз калтырган.

Эгер мындан да эски документтерге кайрылсак, СССР таркагандан кийин андагы республикалар Алма-Ата жана Минск декларациясын кабыл алышкан. Анда бардык республикалар бири-биринин суверенитеттүүлүгүн жана ошол кездеги чек араларын тааныган. Бул декларация бардык республикалард ратификацияланган жана юридикалык күчкө ээ. Ал документтер Кемпир-Абад — биздин, кыргыз жери жана анын айланасында эч кандай талаш жок экенин далилдеп турат.

— Сиздин оюңуз боюнча мунун кандай кесепеттери болушу мүмкүн?

—Мына, карагыла, Кемпир-Абад суу сактагычынын суу толгон аймагына аны толтурган үч дарыянын — Куршаб, Кара-Дарыя жана Жазынын нугу кирип калат. Кара-Дарыя Өзгөнгө чейин жетет. Ал эми Өзбекстанда өзбек тилинде жарнамалар кетип атат: алар суу сактагычка курорттук зона курабыз деп жатышат. Алар көл, керек болсо — «Кемпир-Абад Деңиз» деңизибиз бар жана жакында керемет жерге сиздер үчүн эс алууга шарт түзөбүз деп жатышат. Кырдаал өтө оор — эми бул жерде кандай жаңжал болуп кетери белгисиз.

— Менин түшүнгөнүм боюнча, СССР тарагандан бери кыргыздар менен өзбектердин ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жаңжал болгон эмеспи?

– Эч кандай. Маселе да болгон эмес, эч кандай талаш болгон эмес.

— Эмне үчүн Ташиев Өзбекстан менен келишимге кол койгонго мынчалык шашып жатат жана нааразычылыктарга карабай документти элден катып жатат деп ойлойсуз?

— Ушул нерсе мага да түшүнүксүз болуп жатат. Өткөн жылы эл көтөрүлүп суу сактагычты берүүнү токтотууну талап кылган. Ошондо Ташиев өзү келип, Куршабдагы стадионго элди чогултуп, аларды уккан жана мен чек ара боюнча Мамлекеттик комиссиясынын башчысы катары айтайын, Кемпир-Абад Кыргызстанда калат деген болчу. Бийлик элдики жана силер кандай айтсаңар ошондой болот дегенсиген. Бирок, тилекке каршы андан кийин эмне болгонун көрүп турасыздар.