Маданият министрлиги фейктерге каршы күрөшүүдө Meta менен кызматташууну пландоодо

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Meta (Facebook, Instagram, WhatsApp) компаниясы менен «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын алкагында кызматташууну пландап жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 18-октябрдагы маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, 23-октябрда Meta’нын Казакстандагы өкүлчүлүгү менен жолугушууда меморандумга кол коюу күтүлүүдө. Министрдин орун басары кызматташуу соцтүйүндөрдө жалган же экстремисттик маалыматтарды тараткан аккаунттарды бөгөттөө жаатында болот деп түшүндүрдү.

Ошондой эле, Эсенгул уулу министрлик анык эмес маалымат тараткан болушу мүмкүн деген кайрылуудан улам сайттардын ишин токтотуу боюнча 8 арызды караганын да айтып берди.

«Алардын ичинен эки арызды кароонун жыйынтыгы менен эки маалыматтык сайттын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуп туруу жөнүндөгү чечим чыккан. Бирок кийинчерээк бир чечим жокко чыгарылган. Министрлик менен социалдык тармактардын (Facebook, Telegram, TikTok, Youtube, Twitter, Instagram) ортосунда келишим жоктугунан улам, эки арыздын ээсине арызды дароо кароо мүмкүн эместиги жөнүндө жооп жөнөтүлгөн», — деди министрдин орун басары.

Эсенгул уулу калган арыздардагы маалыматтар толук эмес болгондуктан министрлик арызды кароосуз калтырган жана аны толуктап кайра кайрылууну сунуштаганын белгиледи.

Фейк жөнүндөгү мыйзам

Президент Садыр Жапаров чуу жараткан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга 2021-жылдын 23-августунда кол койгон.

Мыйзам долбоорунда интернет колдонуучулардын анонимдүүлүнүн жоюп, эгер жалган же такталбаган маалымат чыккан болсо соттун чечимисиз эле сайтты жабуу каралган.

Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом каршы чыккан. Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.

Февраль айында Маданият министрлиги фейктер жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу боюнча жобо иштеп чыккан. Документке ылайык, ыйгарым укуктуу орган даттанууларды жана арыздарды кабыл алып, фейк тараткан деп табылган сайтарды убактылуу бөгөттөө менен алектенет.

Кыргызстанда фейктер жөнүндөгү мыйзам колдонулуп жатат. Августта өлкөдөгү Res Publica гезитинин сайты бөгөттөлгөн. Газетанын башкы редактору Замира Сыдыкованын айтымында, сайтка «Манас» аэропортундагы аткезчилик тууралуу иликтөө жарык көргөндөн кийин бөгөт коюлган.

Сыдыкова Маданият министрлиги сайтты 2022-жылдын 15-июнунда, «Манас Менежмент» ишканасынын экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөгөнүн айткан. Токтосунов сайттын «Манас» аэропорту тууралуу эки иликтөөсүндө өзү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар жазылганын айтып арызданган.

Убактылуу сайтты бөгөттөөгө 24.kg маалыматтык агенттиги да кабылган. Анда Маданият министрлигине 24.kg басылмасынын үстүнөн арызданып «Амбассадор» мейманканасы кайрылган. Алар сайтка чыккан маалымат чындыкка коошпойт деп эсептешкен. Басылма болсо аларга бир дагы чиновник байланышып окуянын-чоо жайын сурабаганын айтышкан. Бирок андан аркы териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты бөгөттөө боюнча чечимин чакыртып алган.