Балбак Түлөбаев: Эгер Тажикстан агрессиясын улантса — бул Путиндин бетине түкүрүү болот

Парламенттин депутаты Балбак Түлөбаев эгер Тажикстан Кыргызстанга карата агрессиясын улантса, анда ал Орусия президенти Владимир Путиндин бетине түкүрүү болот деп эсептейт. Бул тууралуу Түлөбаев парламенттин 20-октябрдагы жыйынында айтты.

Буга чейин Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого кошкон салымы үчүн деп орден менен сыйлаган.

«Эгер Тажикстан агрессиясын улантса — бул Тажикстан тараптан Путиндин бетине болгон түкүрүк болот. Жакында Владимир Путин аймактагы туруктуулук үчүн деп орден берди. Орденди алып, бизге окоп казып, жанакы расмий милициялары тигил жакта, Тажикстанда провокация кылып жатат. Ушунун барын карашыбыз керек. Биз жалгызбыз. Биз дагы эле жалгызбыз. Бирок барын тууралап, иреттеп ордуна коюшубуз керек», — деди Түлөбаев.

Түлөбаев Борбор Азия лидерлерине да кайрылды. Депутат кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалы Борбор Азияны «өрттөйт» деп билдирди.

«Бүткүл Орто Азияны өрттөйт. Ошондуктан Орто Азиядагы стабилдүүлүк Кыргызстан менен Тажикстандан башталат. Эгер бизде согуш болуп, тынч болбосо, Орто Азия тынч калбайт. Баарыбыз күйөбүз. “Бир гана Кыргызстан согуша берсин, биз бул жактан карап туралы” деген болбойт», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Баткен облусундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажикстандыктар жарандык унаалар менен курал-жарак ташып келип, окопторду казып жатышканын кабарлаган.

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүндө Көк-Таш айылында жайгашкан. Ал Ак-Суу дарыясынын суусун бөлүштүрөт. «Головной» стратегиялык объект деп таанылган — аны ИИМдин кызматкерлери кайтарат.

Өмүрзаковдун айтымында, бул боюнча 19-октябрда белгилүү болгон. Эл өкүлү 14-17-сентябрдагы толук масштабдуу куралдуу кагылышуудан кийин Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу жана анын кесепеттери тууралуу келишимге кол коюшканын эске салган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.