Бир кадр менен: Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Нарын облусундагы Куланак ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров жаңы ГЭС Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келет деген ишенимде. Ал «мамлекеттин келечегин ойлогон атуулдар турганда өнүгүү мүмкүнчүлүгү кеңири болгон Кыргызстандын эли бакубат турмушта жашай турганын» айтты.

«ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз», — деди ал.

Президент ГЭСтин курулушу жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөрүн кошумчалады. Ал эми ГЭС ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот.

Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзөт, анын 88 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилет.