«Ар биринин баасы 37 миң доллар». Ош шаарында 50 жаңы автобус каттамга чыкты

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарында төрт жаңы линия ачылып, 50 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Жаңы автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:

  • №10 автобус линиясы — «Амир—Тимур» МАБдан (Он-Адыр кичи району) шаардык төрөт үйүнө чейин;
  • №9 автобус линиясы — «Туран» МАБдан (Южный кичи району) Ак-Тилек кичи району аркылуу борбордук базарга чейин;
  • №53 автобус линиясы — Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылынан борбордук базарга чейин;
  • №6 автобус линиясы — Жапалак айыл аймагына караштуу Соколок айылынан Юго-Восток кичи районуна чейин.

Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр авобустардын маршрутун BUS Service мобилдик тиркемеси аркылуу күзөтүп тура алат. Жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Ош мэриясынан билдиришкендей, аталган автобустар кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан алынган. Автобустар Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылып, ар биринин баасы 37 миң АКШ долларын түзөт.