Аксакалдын акчасын уурдоо: Шектүү кармалып, уурдаган акчаны төлөп берди

Милиция кызматкерлери Токмоктогу мал базардан 79 жаштагы Сокулук районунун тургунунун 120 миң сомун уурдаган шектүүнү кармады. Бул тууралуу 25-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү Токмоктун 1983-жылы туулган тургуну болуп чыккан. Ал пенсионерге уурдап кеткен 120 миң сом акчаны кайтарып берди.

Кармалган адам Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин интернетке көзүнө жаш алып 120 миң сом акчасын уурдатып жиберген аксакалдын видеосу тараган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 16-октябрда, аксакал аш берүү үчүн жылкы алганы мал базарга барган күнү болгон.

Мал базардагы кишилер аксакалга жардам берүүнү чечип, 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.