Бишкектин тургуну курбусун 19 жаштагы бала зордуктаганын айтып чыкты. Милиция териштире баштады

28-октябрда инстаграм колдонуучусу курбусун 19 жаштагы бала зордуктап кеткенин жазып чыкты. Ал милиция кызматкерлери ишти жаап салууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Бишкек шаарында болгон. Жабырлануучу ошол эле күнү Ленин райондук милициясына арыз жазган.

«Ишти жаптырып салууга аракет кылып жатышат. Ушундай оор берене менен анын [баланын] тагдырын талкалап жатканын айтып курбума психикалык басым жасашууда. Курбумдун кызы бар. [Милиция кызматкери] “кыздыгың жок” дегенсип, “акчаны алгын дагы унутуп кой, бир жолкудан эч нерсе болбойт, эмнеңди жоготуп жаттың эле?” дешүүдө», — деп жазган ал.

Инстаграм колдонуучусу милиция кызматкерлери шектүү «зордуктаганын мойнуна алганына карабай, аны коё берип салганын» белгиледи.

«Экспертизада 2,5 грамм [баланын] уруктугу аныкталды. Ушул эле жетиштүү болчу. Бирок милиция кызматкерлери ишти жаап салуу үчүн андан [шектүүдөн] 300 000 сом талап кылган. [...] Экспертизанын жыйынтыгын эмне кылды дебейсиңерби? Жокко чыгарышты», — деп жазган ал.

Милиция эмне дейт?

Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Клоопко» жабырлануучу 20-октябрда милицияга арыз жазганын тастыктады.

Райондук милициядан бул факты каттоого алынып, жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалганын белгилешти. Ошондой эле, 19 жаштагы А.Ш атуу шектүү күбө катары сурак бергенин кошумчалашты.

Милициянын басма сөз кызматы сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтып, жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынат деп ишендирди.

Ал эми кыздын курбусунун «милиция кызматкерлери ишти жаап салууга аракет кылып жатат» деген билдирүүсү боюнча Бишкек шаардык милициясы кызматтык териштирүү баштаганын белгиледи.

«Кылмыш жөнүндө жалган маалымат таратуу жана милиция кызматкерлеринин жана жалпы эле ички иштер органдарынын беделин түшүрүүгө багытталган чагымчыл билдирүү тараткандарга мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп эскертишти милициядан.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда кыздарды уурдап, зордукап, өлтүрүп да кетишет.

2022-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан.

Баяндамада БУУнун адистери Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли абдан төмөн экенин белгилешкен.

Эгер сиз зордук-зомбулукка кабылсаңыз төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы - 0555281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары 0709 694 550;
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары 0706 383 637;
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору — Каракол шаары 0702 223 535, 0551 733 390.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз