Дары-дармек жана медициналык техникалар департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиевдин жакындары маал-маалы менен миллиондогон сомдук медициналык тендерлерди утушууда. Айрым учурларда бири-бири менен өз ара атаандашып да коюшат.

Журналисттер миңдеген тендерлерди изилдеп чыгып, алты жарым жылдан бери Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиевдин жакындарына тиешелүү компаниялар 350 миллион сомдон ашык суммадагы медициналык тендерлерди утуп келишкенин аныкташты.

Утуп алынган тендерлердин жалпы санынын ичинен 7 миллион сомдук келишимдерди эксперттер "жасалма атаандаштык" деп белгилешет. Ал эми 130 миллион сомдон ашык мамлекеттик сатып алууларда сатуучу менен сатып алуучу мекеменин ортосунда кызыкчылыктардын кагылышынын белгилери бар.

2022-жылдын апрелине чейин мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы бир негиздөөчүсү бир жетекчиси бар компанияларга тендерлерге катышууга тыюу салган. Бирок Кагаздиевдин жакындарынын фирмалары бул тыюуну формалдуу түрдө айланып өтүп, фирмаларды үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөлөрүнө жана туугандарына каттатышкан.

Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекеттик сатып алууларга жакындарын тартуу менен жасалган аракеттер мыйзам бузуу катары карала баштаганына карабастан, эксперттер чиновниктин жакындарынын фирмаларынын ошол эле тендерлерге катышуусун мыйзамдын мурунку редакциясы боюнча да «атаандаштык имитациясы» деп атоого болот деп эсептешет.

«Кел катыш, мен беш сомго арзан сатам дейм, сен кымбатыраак, тендерди экиге бөлөбүз. Эгерде ар бир тендер, ар бир лот ушинтип жасалса, бир жылда чоң суммалар болоорун көрүп жатабыз, бул жүз миллиондор эмес андан дагы көп. Башка компания ачуунун зарылчылыгы деле жок»- деп жакын тууганыңдан сурансаң болот. 

Гүлмира Абдыразакова

Жалпысынан журналисттер Кагаздиевдин ар кайсыл туугандарына, анын ичинде атасы, эжеси, аталаш агасы, жеңеси жана аялынын эжеси башкарган же ээлик кылган алты компанияны таба алышты.

Компанияларыдын ээлери Нурдин Кагаздиевге ким болушат жана алар 2016-жылдын майынан 2022-жылдын июлуна чейинки аралыкта тендерден канча сумма утушкан.

«Фамеко» («Камелин Азия»)

Негиздөөчүсү: Нурия Токтогулова (Кагаздиевдин аталаш эжеси)
Директор: Нурия Токтогулова
Ишенимдүү жак: Торобек Асан уулу (Кагаздиевдин аталаш агасы)
Утуп алган тендерлердин суммасы: 228 млн сом
Ким менен атаандаштыкты имитация кылышты: «Адинай», «ЭлЧи фарм», «Интермед ЛТД», «Такенс»

«Адинай»

Негиздөөчүсү: Маратбек Кагаздиев (атасы)
Директор: Маратбек Кагаздиев
Утуп алган тендерлердин суммасы: 35 млн сом
Ким менен атаандаштыкты имитация кылышты?: «ЭлЧи фарм», «Фамеко», «Интермед ЛТД»


«Интермед ЛТД» («Лидер Азия»)

Негиздөөчүсү: Чолпон Качканакова (Кагаздиевдин кайын эжеси)
Директор: Чолпон Качканакова
Утуп алган тендерлердин суммасы: 71,8 млн сом
Ким менен атаандаштыкты имитация кылышты?: «Адинай», «Фамеко», «Такенс»

«ЭлЧи фарм»

Негиздөөчүсү: Зарема Камчыбекова
Директор: Нурия Токтогулова (аталаш эжеси)
Утуп алган тендерлердин суммасы: 3,8 млн сом
Ким менен атаандаштыкты имитация кылышты?: «Фамеко», «Адинай», «Такенс»

«Такенс»

Негиздөөчүсү: Нурия Токтогулова (аталаш эжеси), Кулуйпа Кагаздиева (Кагаздиевдин эжеси)

Директор: Айдарбек Сагадылда уулу (Токтогуловдун күйөө баласы)

Ишенимдүү жак: Торобек Асан уулу (Кагаздиевдин аталаш агасы)
Утуп алган тендерлердин суммасы: 612 тысяч сом
Ким менен атаандаштыкты имитация кылышты?: «ЭлЧи фарм», «Фамеко», «Интермед ЛТД»

«Эрзат Нур»

Негиздөөчүсү: Улукбек Кагаздиев (Кагаздиевдин аталаш агасы)
Директор: Алмаз Темирбеков
Утуп алган тендерлердин суммасы: 3,2 млн сом

Кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн

Кагаздиев иштеген чөйрөдө ишкердик менен алектенген туугандарынын бар экендигинин өзү эле кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экенинен кабар берет.

Чиновниктин жакындары тендерден байма-бай утуп келген компанияларга гана эмес, дарыканаларга да ээлик кылып, дары-дармектерди, жабдыктарды алып келишет. Мунун баарын Кагаздиев жетектеген мекеме көзөмөлдөйт.

Эксперттер мындай көрүнүштөр мекеме башчысын объективдүүлүктөн алыстатат деп эсептешет.

«Ал жеке өзү лицензиялык документтерге кол койбосо дагы, объективдүүлүк болбойт. Анткени ал кызматкерлерге таасир этиши мүмкүн. Кызматтык иликтөө болушу керек», — дейт Абдыразакова.

Кагаздиев туугандык байланыштары бар экендиги боюнча эч кандай кызматтык иликтөө болбогонун айтууда. Анын айтымында, жакындарынын тендерлерде жеңишке жетишине эч кандай таасири жок, ал эми үй-бүлөсү көптөн бери дары-дармек ишкердиги менен алектенип келген. Ал азыр алардын бизнеси жакшы жүрбөй жаткандыгын кошумчалайт.

«Мына караңыздар, атам 1993-жылы Таласта фирма ачкан, мен калп айтпайм. Атам, товар ташып жүргөндө мен кичинекей элем, ага жардам берчүмүн. Мен үйдүн жалгыз уулумун. Алар мен үчүн баарын жасашты. Мурда жакшы иштешчү. Азыр аларда иш жүзүндө эч кандай жумуш жок, атаандаштык көп. Эки-үч дарыкана калды, жакында жабылат».

Кагаздиевдин айткандарын иш жүзүндө текшерүү бир топ кыйын. Бирок анын жакындарынын фирмаларынын бири өткөн жылдын апрель айында мамлекеттик мекемелерди тендерсиз эле медициналык жана башка товарлар менен камсыздоого артыкчылык укугун ала жаздады деп айтууга болот.

Тизмени түзүүнүн мындай чарасы коронавирустук пандемия маалында медициналык жана башка мекемелер дары-дармектерге жана коргоочу каражаттарга муктаж болуп турганда бюрократиялык механизмдерден алыс болуу зарылчылыгы жана бир катар тармактарда экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү менен түшүндүрүлдү.

Бул учурда «Фамеко» (мурдагы «Камелин Азия») медициналык беткаптарды, респираторлорду, коргоочу комбинезондорду, бут кийимдерди, медициналык халаттарды, медициналык кепкаларды жана атайын кийимдерди тендерсиз алып келүүгө уруксат алууну каалаган.

Бирок, жыйынтыгында демилге кабыл алынган эмес — мамлекеттик сатып алуулар департаментинин өкүлү документ «азыр жөн эле турат» деп билдирди.

Бул токтом долбоору каралганча чиновниктин жакындарынын компанияларынын бири “Интермед ЛТД” компаниясы буга чейин коронавирус менен күрөшүү боюнча тендерлерге активдүү катышкан. 2020-жылы ооруканаларды коргоочу шаймандар, дары-дармектер, медициналык буюмдар менен камсыз кылуу боюнча 900 миң доллардан (69 миллион сом) ашык суммага келишим түзүп, жалпы бюджеттин дээрлик 20 пайызын COVID-19 менен күрөшүүгө сатып алууга жумшаган алдыңкы 5 компаниянын катарына кирген.

Нурдин Кагаздиев

Жеке кардар Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (НЦОМиД)

Кагаздиевдин жакындары менен байланышкан компаниялардын эң көп кардарларынын бири – Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (НЦОМиД).

Ал жерде башкы фармацевттин жакындарынын фирмалары 133 миллион сомдук келишимдерди утуп алышкан. Ошондой эле, Кагаздиевдин жакындарынын компаниялары боюнча бир нече негизги даттануулар Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (НЦОМиД) менен байланыштуу.

Эсеп палатасы 2017-жылы «Фамеко» («Камелин Азия») жабдыктарды завод баасынан дээрлик үч эсе кымбат, 6 миллион сомго жакын баада алып келгенин аныктаган.

«Чындыгында «Камелин Азия» ЖЧКсы кабыл алуу акттары жана эсеп-фактуралары боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бирдей аталыш менен баасы 14,5 миллион сомдук жабдууларды жеткирген», - деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын жай айларында «Фамеко» компаниясынын атаандашы «Амика» дагы бир арызында Кагаздиевдердин жакындарынын компаниясы 57 миллион сомго тендерде талаптарды аткарбай кантип утуп алганын түшүнбөй жатканын жазган.

«[...] кантип сатып алуучу мекеменин квалификациясына жооп берген компания дал келбей калат дагы ал талаптарга жооп бербеген компания дал келип калат?» – деп жазат «Амиканын» өкүлү.

Аткаминердин аталаш эжеси Нурия Токтогулова ага жана башка жакындарына катталган компаниялар улуттук борбордогу тендерлерди утуп алганын ырастайт. Бирок ал муну атаандаштыкты имитациялоо деп эсептебейт.

«Биз баардыгыбыз катыша алабыз. Ким арыз берсе, ошол катышат. Мен агамдын катышуусуна тоскоол боло албайм да».

Токтогулова директор болуп иштеген компаниялардын бири "ЭлЧи Фарм" ишканасынын жетекчилиги менен улуттук борбордун (НЦОМиД) мурдагы директору Камчыбек Узакбаевдин ортосунда туугандык байланышы бар деген божомолдор бар. Бул компания да ар дайым улуттук борбордун тендерлерин утуп келген.

Токтогулованын айтымында, ал «ЭлЧи Фармда» иштебейт, ал компаниянын негиздөөчүсү Зарема Камчыбекова менен таптакыр тааныш эмес. Камчыбекова менен Узакбаевдин уулу бир эле “Эл Талабы” саясий партиясынын негиздөөчүлөрү экенин эске албаганда, журналисттер улуттук борбордун ээси менен мурдагы директорунун түз байланышын таба алышкан жок.

Бирок Токтогулова Узакбаевдин өзүн жакшы тааный турганын мойнуна алды - ал таанышы улуттук борбордун дарыкана борборун каттоого да жардам бергенин айтат.

«Мен андан (Узакбаевден) бул дарыкана пункттарын көпкө сурадым. Менден мурункулардын ижарасы бүтүп жатыптыр, ал мага бул имаратты берди. [...] Мен «ЭлЧи фармдан» кеткенден кийин аны өзүмдүн компанияма кайра каттаттым. Албетте бул өзүмдүкү болушу үчүн».

Узакбаевдин өзүнөн комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Ал чалууларга, каттарга, социалдык тармактардагы билдирүүлөргө жооп берген жок.

Нурия Токтогулов

Иликтөө үчүн негиздер жетиштүү

Мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык форумдун төрайымы Гүлмира Абдыразакова Кагаздиевдин жакындары менен байланышы бар компаниялар менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (НЦОМиД) ортосундагы байланышты иликтөөгө жетиштүү негиздер бар деп эсептейт.

«Баардык фронттордо байланыш кайда экенин изилдеп, түшүнүү керек. Ал үчүн коррупцияга каршы иш-чаралар бар. [...] Мисалы бир медициналык мекеме сатып алууларга катышат жана алардын дарыканалары бар… Эгер тууганы башкарса, анда бул маселени сөзсүз түрдө коррупция боюнча текшерүү керек», - деди Абдыразакова.

Маектешкен юристтердин бири эгерде сатуучу менен улуттук борбордун ортосунда түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышын көрсөткөн байланыш табылса, анда мурдагы директор же башка кызмат адамы жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деп эсептейт.

«Эгер сатып алуучу мекеме мамлекеттик болсо, анда ооба, бул түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы. Алардын тарабы экенин билип, [...] бул тендердин шарттарынан баш тартышы керек болчу алар», — деди атын атагысы келбеген юристтердин бири.

Маектешкен медицина тармагындагы эксперттер медициналык тендерлер саламаттыкты сактоо тармагындагы иликтенип жаткан коррупциялык схемалардын бири экенин, алар ачыкка чыкканда көбүнчө тендерлер кайра каралаарын айтышты.

«Саламаттык сактоо тармагындагы 25 жылдык тажрыйбамдан мен мындай иштер боюнча арыздарды, процесстерди көрдүм. Коомчулук, жарандык активисттер аларга көңүл бурса, анда мындай тендерлер кайра каралчу», - дейт Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперт Елена Баялинова.

Мурдагы медицина кызматкери Бермет Барыктабасова тууганчылык кыргыз медицинасындагы саламаттыкты сактоо тармагында кызматта отурган чиновниктер үчүн кадимки көрүнүш экенин айтат:

«Дары-дармек департаменттинде чоң комиссия иштеп, тергөөнүн жыйынтыгында [мурдагы] директорго бир нече кылмыш иши козголгон. Кызматкерлердин байланыштары, фармацевтикалык бизнестеги туугандары, өздөрүнүн фармацевтикалык компаниялары да аныкталган».

Анын айтымында, чиновниктердин компаниялар менен байланышы тууралуу баары билет жана мындай байланыштарды тыкыр текшерүү керек.

«Бул [...] фармацевтикалык бизнестеги дары-дармек тармагындагы чиновниктердин бардык үй-бүлөлүк байланыштарын декларациялоо керек, тендерлерде - кимге алыскы туугандарына, аялы же балдары аркылуу катышышат... Фискалдык органдар муну көзөмөлгө алуусу зарыл», — деп жыйынтыктайт Барыктабасова.

Нурдин Кагаздиев бийликте кармалбай турганын жана каалаган убакта департаменттин директорлугунан кетүүгө даяр экенин белгиледи.

«Мен баарына айттым жана айта берем - мен бийликте кармалбайм. Ким келсе да айтам – мен каалаган убакта кызматтан кетүүгө даярмын. Кайда иштегеним мага айырмасы жок. Мен бардар үй-бүлөдөн болом. Мага эч нерсе керек эмес. Сураныч, эгер силерге керек болсо - алгыла. Менин позициям ушундай».

Башкы прокуратуранын жообунан 2012-жылдан 2022-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу 167 кылмыш иши козголгон. 

154 кылмыш иши мамлекеттик органдарга байланыштуу, 13 иш жеке компаниялар менен байланыштуу.

Бул кылмыштар боюнча соттолгондордун негизги бөлүгүн кызмат адамдары, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери түзөт.

Макаланын авторлору: Даниил Ляпичев, Зулайка Эркимбаева, Улукман Жакыпбеков

Фактчек: Инна Кывыржик