«Клооп Медиа» котормочу үчүн бир жумуш ордун ачты. Талаптар менен таанышып, эгерде вакансия ылайык келсе, жарыянын эң ылдый жагындагы онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз. Билдирме 9-декабрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Эмне кылыш керек?
Котормочу Kloop.kg сайтына чыккан материалдарды (интервью, репортаж, фичер, кепшен видео жана б. у.с.) кыргыз тилинен орусчага которот. Күнүнө мындай материалдардын саны 7-10ду түзүшү мүмкүн. Зарыл учурда орусчадан кыргызчага которот.
Талаптар:
- Кыргызчадан орус тилине тексттерди сабаттуу которуп берет
- Которулган материалдарды редактордун текшерүүсүнөн кийин сайттын соцтүйүндөгү барактарына жайгаштырат
- Өз алдынча жана команда менен иштей алат
- 24/7 байланышта болууга макул
- Тандоодо журналисттик тажрыйбасы бар болгону чоң артыкчылык болот
Айлыгы канча? Маектешүүдө айтылат.
Жумуш орду: Бишкек шаарындагы «Клооп Медианын» кеңсеси