«Клооп Медиа» котормочу үчүн бир жумуш ордун ачты. Талаптар менен таанышып, эгерде вакансия ылайык келсе, жарыянын эң ылдый жагындагы онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз. Билдирме 9-декабрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Эмне кылыш керек?

Котормочу Kloop.kg сайтына чыккан материалдарды (интервью, репортаж, фичер, кепшен видео жана б. у.с.) кыргыз тилинен орусчага которот. Күнүнө мындай материалдардын саны 7-10ду түзүшү мүмкүн. Зарыл учурда орусчадан кыргызчага которот. 

Талаптар:

  • Кыргызчадан орус тилине тексттерди сабаттуу которуп берет
  • Которулган материалдарды редактордун текшерүүсүнөн кийин сайттын соцтүйүндөгү барактарына жайгаштырат
  • Өз алдынча жана команда менен иштей алат
  • 24/7 байланышта болууга макул
  • Тандоодо журналисттик тажрыйбасы бар болгону чоң артыкчылык болот

Айлыгы канча? Маектешүүдө айтылат.

Жумуш орду: Бишкек шаарындагы «Клооп Медианын» кеңсеси