Парламент комитети Кемпир-Абад суу сактагычын башкаруу боюнча макулдашууну жактырды

Парламенттин эл аралык иштер жана коргоо комитети 31-октябрда жабык жыйында Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууну жактырды.

«АКИпресс» басылмасынын маалыматына ылайык, макулдашуунун долбооруна жети депутат добуш берди. Депутат Ырысбек Атажанов басылмага суу сактагычты Кыргызстан тараптан 12, Өзбекстан тараптан 12 кишиден турган топ башкара турганын айтып берди.

Ал эми «Азаттыктын» маалыматына ылайык, депутаттар Адахан Мадумаров менен Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршы болуп, отурумдан чыгып кетишкен.

Мадумаров ошондой эле журналисттерге жактырылган документте Өзбекстан тарабынан Кыргызстан үчүн татаал шарттар жазылганын айтып берди.

Документти жабык эшик артында кароону депутат Атажанов демилгелеген. Бирок ал сунушка эл өкүлдөрү Адахан Мадумаров менен Нуржигит Кадырбеков макул болушкан эмес.

«Жашыруун эмне бар? Бул жерде жабык эшик артында карай турган мамлекеттик сыр эмес да [...] Парламенттин тарыхында бир чакырылышта бир же эки жолу гана жабык эшик артында маселе каралган. Азыр болсо дээрлик күн сайын жабык эшик артында маселе карагыңар келет [...] Мен макулдашуунун долбоорун карап чыктым, ал жерде бир гана суу жөнүндө сөз болуп жатат. Мунун эмнеси жашыруун?» — деп ачууланды Мадумаров.

Депутат Атажанов болсо убагы келгенде Кемпир-Абда боюнча бардык маселе ачык болорун айтып жооп берди.

Кадырбеков бул маселе «сезимтал» жана жергиликтүү тургундар суу сактагычтын берилишине каршы экендиктерин белгиледи. Ал туура эмес чечим кабыл алынса жерди кайтарып алууга мүмкүн болбой кала тургандыктан, Кемпир-Абадды берүү боюнча маселесин кийинкиге жылдыра турууну суранып президентке кайрылууну сунуштады.

Макулдашуу жана комитет башчысын кызматтан алуу чуусу

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө жол берген документтерди бир нече аптадан бери карап, талкуулап жатышат.

Аталганын талкуулардын баары чуу менен коштолуп келет — мурдараак депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан алышкан. Ал суу сактагычтын астындагы жерди Өзбекстанга берүүнү шарттаган макулдашууга каршы чыккан.

Жалпысынан талкууланып жаткан документтерге байланыштуу митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.