Сүрөт: Дмитрий Мотинов / ЛИВЕНЬ.living.asia

«Кыргызстан таза суулардын өлкөсү» — биз бул сөздү бала чакта көп жолу укканбыз. А бирок, 300гө чукул кыргыз айылдарында таптакыр таза суу жок, дагы 600 айылда — суу түтүктөрү чукул арада оңдоп-түзөөгө муктаж. Эл аралык демөөрчүлөр таза суу менен камсыздоого эбегейсиз суммадагы акчаларды которушат: 2026-жылга чейин — дээрлик жарым миллион доллар, бирок акыркы эки жылда болгону 123 айылда таза суу чыгарылган.

Мамлекет ондогон жылдар бою маселени чечебиз деп убада берип келе жатат, бирок чиновниктер иштеген жери жок. Канткенде аларды кыймылдата алабыз? «Клооптун» «Ашар» деп аталган ири долбоору старт алды, мында жарандарга бийликти өз милдетин аткартууга жардам беребиз.

«Ашар» деген эмне? Кыргызда кайсы бир ишти чогулуп бүтүрүү салтын ашар деп атайт. Мисалы, сиз үй курам десеңиз, тууган-урук, дос-тааныштарды жардамга чакырасыз. Ар бири колунан келишинче көмөк көрсөтөт, бири келип кыш кынаса, айрымдары акчалай жардам берет. Ушунун өзү ашар — маселени биргелешип чечүү.

Ашардын максаты — таза суу, начар жолдор, университеттеги коррупция сыяктуу көптөгөн маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнү максат кылган адамдарга жардам берүү. Демек, сизди ойлонткон жана жакшы тарабына өзгөртүүнү каалаган бардык маселелерди биргелешип чечебиз.

Биз биригип мамлекеттен түз милдеттерин аткарууну талап кылсак болот. Кээде, айыл өкмөтүнө тажабай телефон чалуу менен көптөн бери бүтпөгөн маселеге чекит койгонго мүмкүнчүлүк бар. Ушул сыяктуу майда кадамдар менен өлкөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөргө себепкер боло алабыз.

Биз алгач, калктын таза суу маселесин чечүүгө бел байладык. Суу — өмүр булагы дешет, бирок 2018-жылга карата бир миллионго жакын кыргызстандыктар ичүүчү таза сууга жетпегени аныкталган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда таза суу күнүнө бир нече саатка гана аккан, ал тургай таптакыр таза суу чыкпаган айылдар бар. Адамдар ысык-суукка карабай коңшу айылдардан, булактардан суу ташып, айрымдары өзөндөгү сууларды ичкенге аргасыз. Бул чөлдө калган адамдардын шумдуктуу окуясы эмес — бул биздин өлкөнүн чындыгы.

Ашар кандайча иштейт?

Сиз жашаган аймакта же жакындарыңызда таза суу көйгөйү болсо, биздин сайттагы атайын форманы толтуруп, маалымат берсеңиз болот. Форманы жөнөткөндөн кийин система кайрылууну карап чыгат жана көйгөйгө жараша жооп кайтарат.

Маселени чечүүнүн бир нече жолу бар: маморгандарга кат жазуу, видеокайрылуу жасоо, айыл-өкмөтү менен байланышып же болбосо ушул маселени чече турган тилектештердин командасын чогултуп, кийинки кадамдарды ойлонсо болот.

Биз төмөндөгүдөй көмөк көрсөтө алабыз:

  • сиз жашаган айылда таза сууга ким жооп берет, билип беребиз;
  •  таза суу көйгөйүн чечүүгө бюджеттен же гранттардан канча акча бөлүнгөнүн аныктайбыз;
  • мыйзамдагы жана расмий каттардагы татаал түшүнүктөрдү чечмелеп беребиз;
  • чиновниктерге кайрылган учурда сөзсүз жооп келе тургандай кат жазууну үйрөтөбүз;
  • сиз сыяктуу эле, аймактын таза суу көйгөйүн чечүүнү көздөгөн тилектештердин башын бириктире алабыз;
  • сиз жашаган аймактын таза суу көйгөйү тууралуу айтып берүү үчүн кампания уюштуруп, өткөрүп беребиз;
  • видео-кайрылуу жаздырып, кол топтоого көмөктөшөбүз;
  • айылдагы суу маселесин коомго алып чыга турган журналисттер менен тааныштырабыз;
  • чиновниктерге байланышуу жолдорун таап, жолуктура алабыз.

ЭСКЕРТҮҮ: «Клооп» таза суу көйгөйүн чечүүнү көздөгөн коомдук активисттердин колдоосун гана уюштуруп берет. Иштин көп бөлүгүн өзүңүз аткарышыңыз керек болот.

Таза суу көйгөйү чындап чечилет деген кепилдик барбы?

Кепилдик жок. Ашар — сиздин көйгөйдү чечүүчү долбоор эмес, муну туура түшүнүү керек. Мында башкы каарман — сиз жана сиздин айланаңызды өзгөртүүгө болгон умтулууңуз.

Маселени чечүүгө өзүңүз кызыкдар болушуңуз керек. Биз багыт беребиз, кимге кайрылса болорун айтабыз — башкача айтканда баштан аяк сизди коштоп жүрөбүз. Бирок маселени сиз чечесиз, биз сизге жардам гана беребиз.

Өзүңүз жашаган аймагыңыздын таза суу көйгөйүн чечүүүгө белсенген болсоңуз, биздин телеграм группага кошулуңуз. Ал жактан бардык керектүү маалыматты таба аласыз. Шилтеме: https://t.me/ashar_water