Бишкекте «Босого» туристтик меймандостук борбору ачылды

Бишкекте 1-ноябрда «Босого» деп аталган туристтик меймандостук борбору ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Босого» туристтик меймандостук борбору. Сүрөт: Министрлер кабинетинин сайты.

Борборду минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачып, «Босого» — 2022-жылдын мартында түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоорлорунун бири экенин айтты.

«“Босого” туристтик меймандостук борбору борборубуздун чок ортосундагы Эмен паркында жайгашкан. Бул жерден Кыргызстандын ар бир коногу эмне көрүү керек, кайда баруу керек, кайда түнөп калуу керек, кантип катталуу керек, банк картасын алуу, унааны ижарага алуу, сим-картаны сатып алуу жана ал тургай жеке фирманы ачуу туурасындагы бардык суроолоруна жооп таба алат. “Босогодо” туристтер үчүн пайдалуу жана керектүү маалыматтар топтолгон. Чет элдик туристтер гана эмес, биздин жарандар дагы адистердин кызматынан пайдалана алышат», — деди Байсалов.

«Босогодо» күн-түнү иштеген Call-центр бар, ал жакка 7000 кыска номери аркылуу чалса болот.