Президенттик администрация «коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ минкабдын сайтына жарыяланды.

Демилгечилер маалымкат-негиздемеде жаңы мыйзам долбоору «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн бекем укуктук базаны түзүп [...] өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жаңы сапат берет» деп жазышкан.

Демилгечилер коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар эми милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинде каттоодон өтүшү керектигин белгилешкен.

Уюмдарды Башкы прокуратура менен Юстиция министрлиги толугу менен көзөмөлгө алышат. Аталган органдар төмөнкү укуктарга ээ болушат:

  • КЭУдан жалпы документтерди суроо;
  • мамстатистика, салык органдары, мамлекетик көзөмөл жана контродоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана финансылык уюмдардан КЭУнун каржылык-чарбалык иштери жөнүндө маалыматтарды суроо жана алуу;
  • КЭУ өткөргөн иш чараларга катышуу үчүн өкүлдөрдү жөнөтүү;
  • акча каражаттарынын сарпталышын жана башка мүлктөрдүн пайдаланылышын текшерүү.

Мыйзам долбоорунун авторлору коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын каржылануусунун ачык-айкындыгын камсыздоо, анын ичинде финансылык отчёттуулукка чоң көңүл бурулганын белгилешкен. Башкача айтканда, мамлекеттик органдар уюмдардын каржы булактарын, акчалар канчалык максаттуу пайдаланып жатканын билип турушат.

«Клооптун» редакциясы юристтерге кайрылып, алар эгер бул мыйзам долбоорун кабыл алынса кандай тобокелдиктерге кептейши мүмкүн экенин айтып беришти.

Чет элдик тыңчылар жөнүндөгү мыйзамдай эле экен десек болот

Юрист Ноокат Идрисов сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда кемчиликтер өтө көп деп эсептейт.

«Бул мыйзам долбоорунун көпчүлүк ченемдери 2014-жылы демилгеленип, кийин парламент тарабынан четке кагылган чет элдик тыңчылар жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайталайт. Болгону “чет элдик тыңчы” деген түшүнүк жок, болбосо көптөгөн чектөөчү нормалары ошол мыйзамдан алынган», — деди юрист «Клооптун» журналисттерине берген интервьюсунда.

Юрист мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдарды басмырлоочу көптөгөн ченемдерди камтыйт дейт. Мисалы, бейөкмөт уюмдардын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурага жаңы отчётторду берип туруусу каралган, бирок «демилгечилер аны башкача атап жатышат — “маалымат” деп».

Идрисовдун айтымында, эми Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура бейөкмөт уюмдардын ички иштерине кийлигише алат — мисалы, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү уставда көрсөтүлгөн максаттарга туура келеби же жокпу текшерип, чечим кабыл ала алат.

«Бул Конституцияга каршы келет, ал жерде Кыргызстанда жеке жана юридикалык жактар мыйзамда тыюу салынбаган ишмердүүлүктүн бардык түрүн жүргүзө алат деп айтылган берене бар. Кылмыш-жаза кодексинде каралган ишмердүүлүктөргө гана тыюу салууга болот. Юридикалык жактардын, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын укугу кеңири болушу керек. Эгер алар тыюуларды бузбаса, эмне гана болбосун алектене беришсе болот», — деп эсептейт юрист.

«Кыргызстанда коомдук-пайдалуу иштерди жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө жардам берип жаткан чет элдик бейөкмөт уюмдардын өкүлчүлүк филиалдарына карата өтө катаал чараларды киргизүүнү каалап жатышат. Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура бир кат жиберип эле уюмдардын ишмердүүлүгүн толугу менен же жарым-жартылай жаап салуу укугуна ээ болушун каалап жатышат», — деп баса белгиледи юрист.

Башкы прокуратуранын өзгөчө көзөмөлүндө

«Жарандык катышуу» коомдук фондунун юристи Айбек Аскарбеков да аталган мыйзам долбоору жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар үчүн өтө коопту дейт. Аскарбековдун айтымында, мыйзам долбоорунда Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурага берилген көзөмөлдөө функциялары дароо көзгө урунат.

«Эми Юстиция министрлиги менен көзөмөл органы КЭУнун ишмердигин толук көзөмөлдөй алат. Алар буга чейин Салык кызматы гана сурай алган отчётторду жана кошумча документтерди сурата алышат. Эгер бир айдын ичинде бербесең атайын токтом чыгат. Эгер кандайдыр бир бузуулар аныкталса, аны бир айдын ичинде оңдооо керек болот. Албетте, чечимди сотто даттанса болот, бирок акыр аягы Башкы прокуратура менен Юстиция министрлиги уюмду сот аркылуу жок кылып коё алат», — деп белгиледи Аскарбеков.

Аскарбеков эми мамлекеттик органдар сунушталып жаткан мыйзамдын талаптарына жооп бербеген уюмду мурдагыдай айып пул жана туум жазбастан, сот аркылуу жок жаап сала аларын айтат.

«Ошондой эле “өкмөттүк эмес, чет элдик уюм” деген жаңы түшүнүктү кошуп жатышат. Эми чет элдик бейөкмөт уюмдун Кыргызстанда жайгашкан өкүлчүлүгү да каттоодон өтүшү керек болот. Мунун баары, албетте, бейөкмөт уюмду каттоо процессинде бар, бирок дал ушул мыйзам менен бейөкмөт уюм түшүнүгүн экиге бөлгүлөрү келип жатат, уюмдардын кандай формалары бар, алар эмне иш кылышат жана аларга кантип көзөмөл кылса болорун көрсөткүлөрү келип жатат», — деди Аскарбеков.

Ал бул мыйзам долбоорунун каарына биринчи кезекте жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргогон коомдук фонддор, ассоциациялар жана бирикмелер туш болорун белгилейт.

«Мыйзам долбоор абдан капа кылат, коопту жерлери көп. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ортосунда тең салмактуулук болушу керек. Бул жерде эмнеге баарын Башкы прокуратура кылышы [көзөмөлдөшү] керектиги түшүнүксүз. Башкы прокуратура менен коммерциялык эмес тармактын кандай байланышы бар?» — деп суроо салды юрист.

Аскарбеков жарандык коом уюмдары ансыз деле отчёт берип, көзөмөлдө экенин айтат.

«Финансылык чалгындоо кызматы бардык которууларды, чыгымдарды толугу менен көзөмөлдөйт, банктардан эсепти, акчанын суммасын оңой эле сурап, соцфонддун отчётторун текешере алат — бардык маалымат ачык-айкын. Анын үстүнө өткөн жылы бейөкмөт уюмдардын кошумча отчёттуулугу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, уюмдар канча акчаны кайда коротуп жатканын көрсөтүшөт. Эми болсо мынтип дагы кошумча мыйзамды демилгелеп жатышат, эми бул уюмдар дагы бир чоң соккуга кабылганы турат», — дейт Аскарбеков.

Аскарбековдун айтымында, бейөкмөт уюмдарды каржылоо кыскарып кетиши мүмкүн, ошондой эле аталган мыйзам аркылуу сөз жана жарандардын биригүү эркиндигине басымды күчөтүүгө мүмкүн.