Материалдын түп нускасы «ПолитКлиниканын» сайтында жарыяланган.
«Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдин ачыкка чыкпай жатышы кыргызстандыктардын көбүнүн нааразычылыгын жаратты. Элге Өзбекстан менен чек ара кайдан өтөрү жана Кыргызстан мындан кандай утушка ээ болору түшүнүксүз бойдон калууда. Ал эми мындан бир ай мурун эле Тажикстандын чек арадагы куралдуу аргессиясы бүтүндөй Кыргызстанды бушайман кылган эле.
Акыркы эки жылда чек ара жаңжалдарында курман болгондордун саны кескин өстү. «ПолитКлиника» медиасынын дата-журналисттери бул маселени изилдеп көрдү.
Айтунук - Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну. Ал Баткен мамлекеттик университетинде окуйт. Окуусун аяктагандан кийин айылына барып, балдарга англис тилин үйрөтүүнү кыялданат. Бирок анын айылы Тажикстандын соңку куралдуу кол салуусунда толугу менен күйүп кеткен.
Каргаша болгон күнү Айтунук Баткен шаарында болгон. Таң эрте адаттагыдай эле сабакка барганга даярданып жаткан. Ал эми үй-бүлөсү Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында болгон.
«Үйдөгүлөр таңкы саат алтыда октун үнүнөн ойгонушуптур. Алар Рават айылына качып, бир үйгө өздөрүнө окшогон дагы жыйырма үй-бүлө менен чогуу жайгашышыптыр. Октун үнү Баткен шаарында дагы угулуп жатты. Саат 8.00дө атышуу күчөдү. Бирок биз үйүбүздүн жанындагы кафеге снаряд түшкөндө гана кетүүнү чечтик. Кийин биздин айыл толугу менен күйүп кеткенин уктук», — деп эскерет Айтунук.
Тажикстан менен болгон соңку куралдуу кагылышта 137 миң адам Айтунукка окшоп өз үйүн таштап кетүүгө мажбур болду. Бул Баткен облусунун ар бир төртүнчү тургуну. Алтымыштан ашык кыргызстандык каза таап, эки жүздөн ашык жаран ар түрдүү жаракат алды.
Чек ара жаңжалдарынын саны азаюуда, бирок…
Биз 2010-жылдан бери Кыргызстандын чек араларында орун алган кагылышуулар тууралуу маалыматтарды чогултуп, 12 жыл аралыгында жалпы 363 жаңжал болгонун аныктадык. Акыркы жылдары чек ара жаңжалдарынын жалпы саны азаюуда: 2010-жылы 60 кагылышуу болгон болсо, ушул жылдын 9 айында орун алган жаңжалдарын саны 16ны түзгөн.
Бирок, жаңжалдардын жалпы саны азайганы менен, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы куралдуу кагылыштардын саны өсүп жатат: 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон 30 кагылышуу болгон. Бул андан мурунку 9 жыл ичинде кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалдардын жалпы санына барабар.
«Биз тажиктер менен жанаша жашайбыз. Бир эле көчөдө Кыргызстандын дагы, Тажикстандын дагы жарандары жашайт. Эсимде, мурда ынтымакта, түшүнүшүп жашайт элек. Бирок акыркы убактарда октун үнүнөн ойгоно баштадык. Буга ким күнөөлүү билбейм, бирок биз тынч жашоо деген эмне экенин унуттук», — дейт Айтунук.
…каза болгондордун жана жараат калгандардын саны өсүүдө
Акыркы эки жылда чек ара жаңжалдарынын айынан 105 кыргызстандык каза тапты. Алардын бешөө 2022-жылдын башында кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалда көз жумса, калган жүз адам Тажикстандын 2021-2022-жылдардагы агрессиясынын курмандыгы болду.
Графикте көрсөтүлгөндөй, 2022-жыл Кыргызстан үчүн «кандуу» жыл болду. Мындан тышкары, бул жылы чек ара жаңжалдарында жараат алгандардын саны дагы өстү: эгер акыркы 12 жылда чек арадагы кагылыштардан улам 543 адам жаракат алган болсо, алардын дээрлик жарымы же 224ү быйыл жарадар болгон.
Чек ара ордуна пунктир: чек араны демаркациялоо кандай жүрүп (жүрбөй) жатат?
Демаркация - бул мамлекеттик чек араны атайын чек ара белгилери менен чийүү.
Кыргызстандын чек арасынын жалпы узундугу 4512 чакырымды түзөт. Анын дээрлик ондон бир бөлүгү же 517 километри бүгүнкү күнгө чейин тактала элек. Казакстан жана Кытай менен чек араны тактоо иши толук бүткөн. Ал эми Өзбекстан менен 208 км, Тажикстан менен 308 км чек ара тилкеси тактала элек.
Баарынан кызыгы, бул өлкөлөр менен кайсы тилкелер такталганы, кайсылары тактала элеги жана тигил же бул аймак кимге таандык экени азыркыга чейин түшүнүксүз. Онлайн карталар да авторго жана убакытка жараша чек арадагы белгилерди ар кандай көрсөтө берет.
Мисалы, Гугл Карта бир нече кыргыз айылын Тажикстандын аймагында көрсөтүүдө. Ал эми эки өлкө арасындагы чек ара пунктир менен белгиленген. Мисалга, мында Жаштык айылы Кыргызстандын аймагына кирбей калган:
Ал эми Яндекс.Картада Жаштык айылы Баткен облусунун аймагында ишенимдүү түрдө көрсөтүлгөн:
Эмне үчүн курал колдонуу чечим эмес?
Чек ара маселесин чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынышы керек. Бирок, эң башкысы - бардыгы дипломатиялык жол менен чечилиши зарыл. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди.
Анын айтымында, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссия 2000-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыт аралыгында комиссия көп жумуш аткарды, бирок дагы жасалышы керек болгон иштер көп. Медетбековдун пикиринде, бул маселелердин бардыгы дипломатиялык жол менен чечилиши шарт.
Мындан тышкары, ал Тажикстандын акыркы аргессиясы тууралуу мындай пикирин билдирди:
«Тажикстандын курал колдонуп жатканынын бир канча себеби бар. Тажик бийлиги элдин көңүлүн ички саясий, экономикалык көйгөйлөрдөн буруп, сырттан душман издеп жатышы мүмкүн. Ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы анклавдарын Тажикстандын негизги аймагына кошкусу келип жаткан болушу мүмкүн».
Экинчи пикирге каарманыбыз Айтунук дагы кошулат. Анын айтымында, былтыркы жаңжал дал ушул себептеп улам чыккан:
«Былтыр тажикстандыктар Ворух анклавына жол ачууга аракет кылышкан. Бирок биз өз жерибизди коргодук. Биздин айыл Ворух анклавы менен Тажикстандын негизги аймагынын ортосунда жайгашкандыктан, быйыл алар айылыбызды атайылап өрттөштү».
Айтунук ошентсе дагы үмүтүн үзбөй, айылына кайтып барып, балдарга англис тилин үйрөтүүнү көздөөдө.
Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова
Менторлор: Айзада Тома, Андрей Дорожный