3-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылынын тургундары жашап жаткан жерлери жеке ишканага мыйзамсыз берилип кеткенин айтып, нааразычылык акциясына чыгышты.
Ондогон адам Сокулук райондук администрациясынын алдына чогулду. Алар советтер союзу учурунда иштеген «Бөбөк» фабрикасынын жаңы жетекчиси Алтын Сейдакматова алар жашаган 48 гектар жерди менчикке өткөрүп алганын айтып, нааразы болушту.
Жергиликтүү тургундар «Силердин айыңардан ичээр суубуздан айрылдык», «Мамкаттоо суу мунарасынан колуңду тарт» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.
Акцияга келгендердин бири Сейдакматова менчикке өткөрүп алган аймакта таза суу мунарасы бар экенин белгилеп, учурда тургундар ичүүчү суусуз калганын айтты.
«Бүткүл айылдын тургундары бир эле аялдын кызыкчылыгы үчүн жабыркап келе жатабыз. Биздин Чолпон конушундагы таза суу мунарасын өз менчигине өткөрүп алып, эл суусу жок калды. Бузулуп калганда айыл өкмөт оңдогону жардам берели деген. Менчикке өтүп кеткен, бизге суу бербей, басып алып жатат», — деди ал.
Митингдин дагы бир катышуучусу Женя Прастак үйү Сейдакматованын менчигине өтүп кеткенин белгиледи. Ал үйлөрдүн мурдагы документтери жараксыз деп табылганын кошумчалады.
«Кээ бири ал жерде 70-80 жылдан бери жашайт. Айрымдарынын мамлекеттик актысы, кызыл китеби бар. Жыйынтыгында ал документтер жараксыз имиш. Кайдан-жайдан жердин ээси чыгып, биз жашаган аймактын кызыл китебин алыптыр. Ал бизге өзүнүн талаптарын коюп жатат», — деди ал.
Алтынай Сейдакматова эмне дейт?
«Бөбөк» ишканасынын азыркы жетечиси Алтынай Сейдакматова 2019-жылдан баштап башкы директорлук кызматке келгенин билдирди. Ал аталган аймактын топографиялык картасын түзүп, жердин аянтын ченөөгө аракет кылып жатканын айтты.
Ал тургундар жашаган аймак өнөр жай багытындагы жер экенин белгилеп, калктуу кошунтар категориясына которууну көздөп жактанын билдирди.
Сейдакматова жердин аянты ченелген соң, тургундар жашаган аянт документтерине ылайык, өздөрүндө калат деп ишендирди.
«Тургундар 50-60 жылдан бери ошол жерде жашашат. Кечирип койсун, өнөр жай категориясындагы жерде жашап жатат. Ар бир сотых үчүн 12 сомдон төлөшөт. Бул мамлекет үчүн кенедей тыйын. Негизи 100 эмес, 2000 сомдон төлөшү керек. Андай болсо тескерисинче “Эже топосъемка жасап жатат, тезирээк өзгөртүп алайын” деп колдошу керек болчу. Биз жердин категориясын гана өзгөртүп жатабыз да. Алардын курулуштарын басып алалы деп кол салган жокпуз да. Андай оюбузда жок», — деди ал.
Сейдакматова айылдагы таза суу муранасы 1965-жылы курулганын белгилеп, ал жер айыл өкмөттүн карамагында экенин билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы бардык суу мунараларын айыл өкмөттүн базасына алуу тууралуу токтом чыкканда, жерди чыры жок өкмөткө өткөрүп берген.
«Митингде көйгөй техникалык кызмат көрсөтүүдө экени белгилүү болду. Техникалык кызматты айыл өкмөтү көрсөтөт. Алар башкарууну башка адамдарга беришкен экен. Таза суу үчүн төлөмдөр алынбаптыр, акча жетишсиз. Чогулушта жашоочулар өздөрү дагы таза суу үчүн акча бербей жүргөнү белгилүү болду. Ошол себептен, айрым жооптуу адамар таза суу үчүн акча топтоп, насосту оңдотобуз дешти. Бузулуу тууралуу акт сураттырдым. Бирок аны бере алышкан жок. Менден жердин кызыл китебин алыш үчүн эле сууну өчүрүп коюшкан окшойт», — деди ал.
Сейдакматова көйгөй айылдагы таза суу муранасы эмес эле, аны «жаманатты кылуу» болгон деп эсептейт. Ал муну айылдык ишкердин «укугун бузуу» катары баалады.
«Эл “Кадастр” мекемесине кайра барыптыр, мен бардым. Алар азыр “суу мунарасы үчүн канча жер бериши керек” деп жердин аянтын эсептеп башташыптыр. Андай кылууга, жеке иштер менен мындай келишип түзүүө алардын укугу жок. Суу мунарасы үчүн канча жер береримди өзүм чечишим керек. Негизи суу мунарасы үчүн 6 сотых жер каралган, биз 15 сотых, эки эсе көп жер бөлүп бердик», — деди ал.
Сокулук райондук админитсрациясы эмне дейт?
Митингге чыккандар менен Сокулук районунун акимиинин биринчи орун басары, Жер маселеси боюнча комиссиянын төрагасы Капарбек Адиев жолукту. Ал бул маселе боюнча «көптөгөн арыздар түшкөнүн» айтып, Чүй облусунун башчысынын тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.
«Компетенттүү жетечилер бар. Мына, мамлекеттик курулуш, мамлекеттик каттоо кызматы бар. Эгер мыйзам бузуу болсо барып, тактап кетет. Жерине барып, арыздануучулар менен бирге карайбыз. Ак-карасын ажыратабыз», — деп убада берди ал.