Сузакта эки өспүрүмдү ат басып калды, алар жеринде каза тапты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки өспүрүмдү ат басып калып, алар каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 5-ноябрда саат 16:00 чамасында катталган. 8 жана 12 жаштагы өспүрүм балдар ат минип баратканда ал тайып кетип балдарды басып калган.

Алар алган жараатынан улам жеринде каза болгон. Милициядан балдардын ата-энелери соттук-медэкспертизадан баш тартышканын белгилешти.