Калипа Таштанова эл аралык кинофестивалда «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыгын алды

Кыргызстандык актриса Калипа Таштанова Түркияда өткөн «Коркут Ата» түрк дүйнөсүнүн кинофестивалында «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова Инстаграм барагына жазды.

Эл аралык кинофестиваль 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бурса шаарында (Түркия) өттү.

Таштанова мыкты роль үчүн сыйлыкты «Үй сатылат» фильминдеги ролу үчүн алды. Фильм толук метраждуу көркөм фильм сынагында көрсөтүлдү. Режиссёру — Таалайбек Кулмендеев.

Кинокартинанын дүйнөлүк премьерасы 5-октябрдан 14-октябрга чейин Кореянын Пусан шаарында өткөн Эл аралык кинофестивалда болгон.

Фильмде жупуну жашаган, үч жаштагы кызын тарбиялап жаткан жаш үй-бүлөнүн окуясы чагылдырылат. Алар экинчи перзентин күтүп жатышкан болот. Алардын жашоосу жубайлардын макулдашпай кылган аракетинен улам кескин өзгөрүп кетет.

Жолдошунун чакан бизнеси үй-бүлөнү туңгуюкка алып барат: чет өлкөгө жиберилген товар чек арадан жоголуп кетет. Кредитти жабуу үчүн жолдошу туугандарынан акча алып, анын ордуна жаңы төрөлгөн баласын берүүнү убадалайт. Аялы да аракеттерин күйөөсү менен макулдашпайт. Ал чет өлкөгө иштеп келүү үчүн кетүүнү каалап, боюнан алдырып коёт.