Украинанын Херсон шаарындагы орус аскерлери артка чегинди

Орус аскерлери 24-февралда Украинага толук масштабдуу кол салганда, алгачкылардан болуп оккупациялап алган Херсон шаарынан артка чегине баштады.

Орус аскерлери Херсондон чыгып кете баштаганын 9-ноябрда Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Мындай чечимди ал орус армиясынын Бириккен тобунун башчысы Сергей Суровикиндин кеңеши менен кабыл алган.

Орусиянын «РИА Новости» мамлекеттик басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия аскерлерин Херсон облусундагы Днепр дарыясынын сол жээгине көчүрүүнү пландап жатат.

«Түзүлгөн абалга баа берип, коргонууну Днепр дарыясынын сол жээгинен улантуу сунушталат. Бул өтө оор чечим экенин түшүнүп турам», — деди Суровикин Шойгу менен сүйлөшүүдө.

Ошол эле учурда ал курал-жарактарды дарыянын оң жээгинде кармоо орус армиясы үчүн «утуш алып келбей турганын» моюндады.

«Медуза» басылмасынын маалыматына ылайык, орус аскерлери Херсондон артка чегине турган болсо, Херсон облусу менен кесилишкен Николаев облусу толугу менен Украинанын көзөмөлүндө болот. Муну менен украин армиясы Херсон шаарын кайтарып алып, Херсон облусунун оң жээгинде көзөмөл орното алат.

Орусия Херсондон чегингенин маалымдаганга чейин эле түрдүү телеграм-каналдарда орус армиясы Херсон облусундагы көпүрөлөрдү жардырып жатат деген маалыматтар тараган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да орус аскерлеринин Херсон шаарынан чегинүүсү тууралуу билдирүүгө комментарий берди. 9-ноябрдагы видеокайрылууда өлкөнүн Херсон шаары жайгашкан түштүк тарабында контрчабуул эң аз жоготуулар менен жүрүшү үчүн Украинанын куралдуу күчтөрү акырындап илгерилеп жатышканын айтты.

«Мүмкүн бул кимдир бирөө күтүп жаткандай болбошу мүмкүн. Жаңылыктарда айтылып жаткандай да болбошу мүмкүн. Бир нерсени түшүнүү керек: күчтүүлүгүн сезсе эч ким, эч кайда кетмек эмес. Душман бизге белек же “берешендик” кылып жаткан жок. Биз бул жерлердин баарын согушуп жатып бошотуп алып жатабыз», — деди Зеленский кайрылууда.

Украинанын Херсон шаары — 24-февралда башталган толук масштабдуу кол салуунун башталышында орус аскерлери басып алган жападан жалгыз облустук борбор.

Украинанын дагы эки облусу — Донецк жана Луганск — Орусия Украинанын аймагына бастырып кирип, өлкөнүн чыгыш тарабында «Донецк эл республикасы» жана «Луганск эл республикасын» негиздеген 2014-жылдан бери орусиячыл күчтөрдүн көзөмөлүндө.

Андан тышкары, Украинанын курамына кирген Крым автономиялуу республикасы да 2014-жылдан бери Орусиянын аннексиясында.

2022-жылы толук масштабдуу кол салуудан кийин Европа Биримдиги, АКШ жана аларга өнөктөш бир катар өлкөлөр Орусияга бир катар санкцияларды салышкан, бул санкциялар Орусиянын экономикасына таасирин тийгизген. Кол салууну колдобогон чет өлкөлүк компаниялар Орусиядан чыгып кетүүнү чечишкен.

Согуш башталган 10 айдан бери орус бийлиги өзүнүн фронтундагы жоготуулар тууралуу толук маалымат жарыялабай келген. Сентябрь айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус армиясынын жоготуулары 5 миң 937 киши экенин расмий билдирди, бирок сандар мындан да көп болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, Украинанын Башкы штабынын маалыматына ылайык, кол салуу башталган убактан бери 77 миңдей орус аскери өлгөн.

Сентябрга карата маалыматтар боюнча, кол салуу башталгандан бери Украина тараптан 9 миңдей киши каза болгон.